АКШ жана Украина президенттери 21-сентябрда жолугушат
АКШнын президенти Дональд Трамп менен Украинанын президенти Петро Порошенко 21-сентябрда жолугушат. Бул тууралуу бүгүн, 17-сентябрда чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, алар Нью-Йорк шаарында өтүүчү БУУнун Башкы ассамблеясынын 72-сессиясына катышат. Андан соң эки президенттин жолугушуусу күтүлүүдө. Бирок кандай маселелер талкуулана турганы азырынча белгисиз.
Эске салсак, Порошенко менен Трамп ушул жылдын 20-июнунда жолугушуп, Донбасстагы жаңжал тууралуу сөз кылышкан.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:08
2025-11-23
16:50
2025-11-23
16:19
2025-11-23
12:30
2025-11-23
11:10
2025-11-23
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















