super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Акылбек Сариев, БШКнын мурдагы башчысы: "БШК бир топ туура эмес чечимдерди чыгарды"

 

Бишкекте бүгүн, 19-сентябрда "Акыйкат шайлоо үчүн" кыймылынын биринчи отуруму өтүүдө. Талкууланган тема - алдыдагы президенттик шайлоо.

Жыйынга экс-президент Роза Отунбаева баштаган коомдук жана саясий ишмерлер, эксперттер катышып жатат.

БШКнын мурдагы башчысы Акылбек Сариев: "Талапкерлерден кол топтоо боюнча айтсам, Ахматбек Келдибеков боюнча БШКнын чечими олдоксон болуп калды. Аны каттабай турган болсо Келдибеков талапкер катары өзүн өзү көрсөткөндө эле чечимин айтып коюшу керек эле. Бирок антпей, убакытты созду. Башка талапкерлердин кол тамгалары жокко чыгарылды. Талапкер өзүн талапкер катары көрсөткөндөн тарта кол топтоону баштай берсе болот, мыйзамда ушундай. БШК старт бермейинче баштабасын деген жобо жок. БШК чектен чыгып, көп талапкерлердин ишин жокко чыгарды. БШК жаңы талаптарды коюп алып, туура эмес чечимдерди чыгарды. БШК Бишкекте туруп алып ким өзү кол койгонун, кимдин ордуна бирөө коюп койгонун аныктай албайт. БШК туура эмес чечим чыгарса, анысын кайра жокко чыгарууга укугу бар. Бирок аны колдонбой жатат", - деп билдирди.

Эскерте кетсек, аталган кыймыл 12-сентябрда түзүлгөн. Демилгечилер кыймылдын максатын "президенттик шайлоону мыйзамдуу өткөрүүнү камсыздоо" деп аташкан. Уюмга экс-президент Роза Отунбаева, мурдагы депутат Равшан Жээнбеков, депутат Жанар Акаев жана башкалар мүчө.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: