super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Мамлекеттик каттоо кызматынын башчысы: "Шайлоодо "карусель" ыкмасы болбойт деп кепилдик берем"

 

Өлкөдө 800 миңдей жаран биометрикалык каттоодон өтө элек. Бул тууралуу бүгүн, 19-сентябрда Бишкекте өтүп жаткан жыйында Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы Дастан Догоев билдирди.

Догоев президенттик шайлоодо шайлоочулардын тизмеси боюнча маселе жаралбай турганын айтат.

"2015-жылкы шайлоодо биометрикалык маалымат боюнча, бармак изи менен жаранды аппарат таппай калган учурлар болгон. Анда жарандар паспорту менен шайлоого киргизилген. Адамдык фактор аралашкан. Биз муну жокко чыгардык, башка систем кирди. Эгерде шайлоочунун бармак изин аппарат тааныбай койсо, ал адамдын жүзүн тааный турган систем болот", - деди Догоев.

Мамкаттоо кызматынын башчысы шайлоодо "карусель" ыкмасын колдонууга мүмкүнчүлүк жок экенин белгиледи.

"Биометрика боюнча бир жарандын 2 шайлоо тилкесинде тизмеде болушу мүмкүн эмес. Мен тийиштүү органдын жетекчиси катары буга кепилдик бере алам", - дейт Догоев.

Бишкекте бүгүн "Акыйкат шайлоо үчүн" кыймылынын биринчи отуруму өтүүдө. Талкууланган тема - алдыдагы президенттик шайлоо.

Эскерте кетсек, аталган кыймыл 12-сентябрда түзүлгөн. Демилгечилер кыймылдын максатын "президенттик шайлоону мыйзамдуу өткөрүүнү камсыздоо" деп аташкан. Кыймылга экс-президент Роза Отунбаева, мурдагы депутат Равшан Жээнбеков, депутат Жанар Акаев жана башкалар мүчө.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
19.09.2017. 11:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Карусель так и так болбойт.За то шайлоого чейин калганын урдуруп койдунар да.Юракадемиянын мугалими эмне кылды, калганы олду да.Паспортторду чогултуп керектуу бюлтендерди даярдап буткон окшойсунар унунор чыгып калыптыр.Баарыбир силерге ишенич жок.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: