Шашылыш билдирүү! 23-26-сентябрь күндөрү өлкө аймагында аба ырайы кескин түрдө өзгөрүп, үшүк жүрүшү күтүлөт
Кыргыз жеринде 23-26-сентябрь күндөрү аба ырайынын кескин өзгөрүшү күтүлүүдө. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Кыргызгидрометтен кабарлашты.
Маалым болгондой, 23-24-сентябрда өлкө аймагы боюнча мезгил-мезгили менен жамгыр жааса, 25-26-сентябрь күндөрү тоолуу аймактарда үшүк жүрүшү күтүлөт.
Мындай туруксуз аба ырайы көбүнчө дыйканчылык менен алектенген аймактарда орун алып, чарба иштерине тоскоолдук жаратышы мүмкүн.
23-сентябрда абанын температурасы Чүй жана Талас облустарында түнкүсүн +3°C, күндүзү +18 градуска жетсе, Жалал-Абад, Баткен облустарында түнкүсүн +7°C, күндүзү +21 градус болот. Ал эми Ысык-Көл жана Нарын облустарында түнкүсүн +4°C, күндүзү +15 градус болушу күтүлөт.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:08
2025-11-23
16:50
2025-11-23
16:19
2025-11-23
12:30
2025-11-23
11:10
2025-11-23
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















