Сапар Исаков вице-премьер Зилалиевди шайлоо боюнча республикалык штабдын башчылыгынан бошотту
Премьер-министр Сапар Исаков вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиевге эскертүү берип, шайлоону уюштуруу боюнча республикалык штабдын башчысынын милдеттерин вице-премьер-министр Темир Жумакадыровго жүктөдү. Бул тууралуу бүгүн, 21-сентябрда өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.
Маалым болгондой, Зилалиев өзүнүн добушун шайлоодо кайсы талапкерге берерин айтканы боюнча маалыматтардын чыкканына байланыштуу мындай чечим кабыл алынды.
Айта кетсек, вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиев 19-сентябрда Баткен облусунун активи менен жолугушуп, КСДПнын талапкерин колдоорун айткан.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:08
2025-11-23
16:50
2025-11-23
16:19
2025-11-23
12:30
2025-11-23
11:10
2025-11-23
Рейтинг:
-1
-1

Супер-Инфо
super.kg видео
















Мыйзам эмнеге баарына тегиз иштебейт?!!
Мыйзамга ылайык Зилалиев кызматынан бошотулуп кылмыш жообуна тартылууга тийиш!!! Эскертуу отпойт!!!