super.kg logo

"Алматыда жок-жок, Астанада жок-жок" деген саптары бар "Кайда?" ыры Казак менен Кыргыз ырчыларынын ортосунда талашка түштү

 

Ерке ЕсмаханЖайы менен хит болгон "Алматыда жок-жок, Астанада жок-жок" деген саптары бар казак ырчысы Ерке Есмахандын аткаруусундагы "Кайда?" ырын кыргыз шоу-бизнесине жаңыдан аралашып келе жаткан Гүлназ Чыныбек кызы аттуу ырчы кыргыз тилине которуп ырдап, ал гана эмес клип тартууга жетишкен. Бирок көп өтпөй эле коомчулук арасында жаш ырчыны плагиат үчүн айыптап чыккандар болду. Ал гана эмес казак ырчысы ырын уруксатсыз ырдаганы үчүн кыргыз ырчысын сотко бергендиги тууралуу маалыматтар тараган.

Бул маалыматтын чын-бышыгын аныктоо үчүн SUPER.KG порталы Гүлназ Чыныбек кызы менен байланышып, төмөнкүдөй жооп алды.

"Мен бул ыр чыкканда эле жактырып, Ерке Есмахандын менеджеринеГүлназ ырдын автору Диана Исмаилова менен байланышка чыккам. Ал уруксатты ырдын авторунан суроо керектигин айтып, Диана Исмаилова аттуу композитордун номерин берген. Ал кыз менен байланышсам, ырды которуп ырдоого болорун жана ал үчүн акы төлөшүм керектигин айткан. Мен макул болуп, аны менен ушул жылдын июль айында Алматыдан кездешип, 100 миң теңгеге аткаруу укугун сатып алгам. Тилекке каршы, кагаз түрүндө келишим түзгөн эмеспиз. Бирок жолукканда чогуу түшкөн сүрөттөрүбүз бар. Эгер клиптеги окшоштуктар тууралуу сөз болуп жатса, клипти жакшылап салыштырып көргүлө. Экөөбүздүн сценарийлерибиз таптакыр башкача", - деди ал.

Ырдын обонун жазган Диана Исмаилова интернеттеги өздүк баракчасына Гүлназ Чыныбекованын аткаруусундагы "Кайда?" аттуу чыгарманы "Кыргыз бекен өзү? "Кайда?" ыры кыргыз тилинде. Керемет аткаруу" деп жазган.

Ал эми сөзүн жазган Кайнар Алагөзов казак басылмасына берген маегинде, "Менин ырларым башка тилге которулуп ырдалганына каршы эмесмин, тескерисинче, көп угарман топтой алганы үчүн сүйүнөм", - деп айткан.

Кызыгы, "Ерке Есмахан кыргыз ырчысын сотко берди" деген маалыматты Гүлназ Чыныбек кызы таң калуу менен кабыл алган.

"Чынын айтсам, бул тууралуу кабарым жок. Мага соттон эч кандай чакыруу келген жок", - деди ал.

Ерке Есмахандын аткаруусундагы "Кайда?" ыры ушул жылдын июнь айында жарыкка чыгып, тез арада популярдуулукка жеткен.

 

 






Гүлназ Чыныбек кызы "Кайда?"

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 8 
Комментарийлер(36)
25.09.2017. 12:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Бироонун ырын ырдагандан коро ырчы болбой эле койбойсунбу, тем более жаны чыгып келе жаткан жаш ырчы болсон озун ыр обон жазып аракет кыл да, бироонун ырын ырдап ырчымын дебей
25.09.2017. 13:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Биринчи казакчасы Ерке Есмахандын ырдаганын баары эле билетго. ХХХХ.
Модератор admin_superstan түзөттү 2017-09-26 10:58:35
26.09.2017. 10:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Farm94, сын-пикирлер үчүн атайын дарек бар, ошол жакка жазыңыз. Эскертүү!
25.09.2017. 14:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
экоо тен эле жакшы ырдаптыр, кыргыз болгон учун кыргыз тилиндегиси жакты кобуроок
25.09.2017. 14:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Уйдода машинада угуп журом жуктоп алдым флешка жакты экоотен
25.09.2017. 15:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+17
казактар деле биздин ырчылардын ырын которуп алып ырдап атышатко. ушул казактар тойгозду дагы бир тууганбыз деп койот
25.09.2017. 15:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Даа чын эле жакшы ырдаптыр
25.09.2017. 15:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Экоосун тен уккан эмес экем, казак мн кыргыздар бири бирин коруп ле туурап ырдаша бербей оз алдынча изденишсе болмок
25.09.2017. 15:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+13
Кайда болду экен ош баткенде болбосо нарын чуй жалал абадда да жок дейт айылда шаарда галактикада жок болсо
Москвадан изде кообу москвада
25.09.2017. 17:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Krai,же швеяда
25.09.2017. 18:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Krai,хахаха
25.09.2017. 15:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Кыргызчасы окшошбой калган бир нерсеси создору туура эмес которулганбы иши кылса окшобойтта!!
25.09.2017. 16:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Мыкты жарайсыңар
25.09.2017. 17:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Клип толугу менее плагиат прическасына чейин
25.09.2017. 17:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
казакчасы жакшы чыккан
25.09.2017. 17:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Казакчасы көбүрөөк жагат мага
25.09.2017. 18:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Клибинде дээрлик озгочолук деле байкалбады. Кыргызчасын деле жакшы ырдаптыр.
25.09.2017. 18:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аудиосун каяктан уксак болот
25.09.2017. 20:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
APCEH,медиа порталга кирип издоо деген жерине кайда деп жазсан казакчасы дагы кыргызчасы дагы бар
26.09.2017. 11:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
APCEH, саламатсызбы! Бул шилтемелер аркылуу кириңиз.
https://www.super.kg/media/audio/199719
https://www.super.kg/media/useraudio/195433
25.09.2017. 23:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушу ыр талашканынарды эч эле токтотбодунарда озунор изденип ыр жазып ырдабайсынарбы бизде дагы ырчылар бар экенго мен колумду сунам сен колунду бересин деп ырдап журушотко ошолорго айтарым кысчу жеринерди кысып чообунорду эле чапкылачы
26.09.2017. 00:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тойгузду го
26.09.2017. 08:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Экоо тен супер
26.09.2017. 10:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Excuse me))деп ырдап чыккан кыз беле Гулназ?
Медиа-портал
29.09.2017. 12:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мага жакты
Медиа-портал
29.09.2017. 19:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мага да жакты сонун!!!
Медиа-портал
29.09.2017. 19:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жон еле койсо болмок
Медиа-портал
29.09.2017. 23:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мага аябай жакты ош баткенде жок жок баары москвага келе берген
Медиа-портал
30.09.2017. 10:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аудиосу жокпу?
Медиа-портал
01.10.2017. 08:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Керемет ун, чыныгы таланттуу кыз турбайбы. Оркунун осо берсин. Дагы да сонун чышармаларды кутобуз....
Медиа-портал
01.10.2017. 09:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ош, Баткен,Жалал Абад, Чуй,Ысык Кол айтылыптыр бул аймактарда жок экен го. Нарын айтылбаптыр.Значит Нарында кой кайтарып журот.жаль что казактардыкын которуп алган.
Медиа-портал
03.10.2017. 12:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Уялбай эле ушинтип ырдай берсе болобу ээ мага таптакыр жаккан жок кыскасы аман эле болсун жон эле койсо болмок экен
Медиа-портал
11.10.2017. 13:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Уну жок экен.Ырдабай эле койсо болмок.
Медиа-портал
23.10.2017. 21:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушундай да ырчы барбы?
Медиа-портал
14.12.2017. 18:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жакшы ыр менин кызым укмуш бийлейт укса эле 1жаш 3ай
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: