super.kg logo

"Алматыда жок-жок, Астанада жок-жок" деген саптары бар "Кайда?" ыры Казак менен Кыргыз ырчыларынын ортосунда талашка түштү

 

Ерке ЕсмаханЖайы менен хит болгон "Алматыда жок-жок, Астанада жок-жок" деген саптары бар казак ырчысы Ерке Есмахандын аткаруусундагы "Кайда?" ырын кыргыз шоу-бизнесине жаңыдан аралашып келе жаткан Гүлназ Чыныбек кызы аттуу ырчы кыргыз тилине которуп ырдап, ал гана эмес клип тартууга жетишкен. Бирок көп өтпөй эле коомчулук арасында жаш ырчыны плагиат үчүн айыптап чыккандар болду. Ал гана эмес казак ырчысы ырын уруксатсыз ырдаганы үчүн кыргыз ырчысын сотко бергендиги тууралуу маалыматтар тараган.

Бул маалыматтын чын-бышыгын аныктоо үчүн SUPER.KG порталы Гүлназ Чыныбек кызы менен байланышып, төмөнкүдөй жооп алды.

"Мен бул ыр чыкканда эле жактырып, Ерке Есмахандын менеджеринеГүлназ ырдын автору Диана Исмаилова менен байланышка чыккам. Ал уруксатты ырдын авторунан суроо керектигин айтып, Диана Исмаилова аттуу композитордун номерин берген. Ал кыз менен байланышсам, ырды которуп ырдоого болорун жана ал үчүн акы төлөшүм керектигин айткан. Мен макул болуп, аны менен ушул жылдын июль айында Алматыдан кездешип, 100 миң теңгеге аткаруу укугун сатып алгам. Тилекке каршы, кагаз түрүндө келишим түзгөн эмеспиз. Бирок жолукканда чогуу түшкөн сүрөттөрүбүз бар. Эгер клиптеги окшоштуктар тууралуу сөз болуп жатса, клипти жакшылап салыштырып көргүлө. Экөөбүздүн сценарийлерибиз таптакыр башкача", - деди ал.

Ырдын обонун жазган Диана Исмаилова интернеттеги өздүк баракчасына Гүлназ Чыныбекованын аткаруусундагы "Кайда?" аттуу чыгарманы "Кыргыз бекен өзү? "Кайда?" ыры кыргыз тилинде. Керемет аткаруу" деп жазган.

Ал эми сөзүн жазган Кайнар Алагөзов казак басылмасына берген маегинде, "Менин ырларым башка тилге которулуп ырдалганына каршы эмесмин, тескерисинче, көп угарман топтой алганы үчүн сүйүнөм", - деп айткан.

Кызыгы, "Ерке Есмахан кыргыз ырчысын сотко берди" деген маалыматты Гүлназ Чыныбек кызы таң калуу менен кабыл алган.

"Чынын айтсам, бул тууралуу кабарым жок. Мага соттон эч кандай чакыруу келген жок", - деди ал.

Ерке Есмахандын аткаруусундагы "Кайда?" ыры ушул жылдын июнь айында жарыкка чыгып, тез арада популярдуулукка жеткен.

 

 






Гүлназ Чыныбек кызы "Кайда?"

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 8 
Комментарийлер(36)
25.09.2017. 11:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Мен жүктөгөм сайтка биринчи чыгары менен казакчасын экө теңи жакшы ырдаган
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: