Бишкекте "жаңы төрөгөн баласын дааратканага ыргытып салган" деп изделип жаткан эне кармалды
Бишкекте "жаңы төрөгөн баласын дааратканага ыргытып салган" деп изделип жаткан эне кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 29-сентябрда Бишкек ШИИББинин басма сөз катчысы Адыл Оморов билдирди.
"Кылмышка шектүү катары 1995-жылы Нарын облусунда туулган Б.Ж. аттуу келин кармалган. Учурда ал убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө амалдары жүрүп жатат", - деди Адыл Оморов.
Айта кетсек, ушул жылдын 31-июль күнү Арча-Бешик конушундагы үйлөрдүн бириндеги дааратканадан ымыркайдын ыйлаганы угулган. Үйдүн ээси жаңы төрөлгөн кызды ал жерден алып чыгып, "Тез жардам" кызматына өткөрүп берген. Наристе Бишкектеги №3-балдар ооруканасынын жандандыруу бөлүмүндө жаткандыгы, анын абалы оор экендиги кабарланган. Окуя боюнча кылмыш иши козголуп, ымыркайдын энеси издөөгө алынган.
Ымыркайга №3-балдар ооруканасынын дарыгерлери тарабынан Даткайым деген ат берилген. Учурда ал балдар үйүндө тарбияланып жатат.
2

Супер-Инфо
super.kg видео


















Мындайларга торош да оной,биз врачтын козомолундо болуп жатып да зорго торойбуз разрыв болуп.
Эми кылган ишине окунуп жаттын бекен.
variant jok bolso jigitterge aldanbai , achygyn aitkanda jatpash kerek! kylgan ichinine ar kim ozu kunooluu dep oiloim.