super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Израилдик кыздын сөөгүн аскадан алып түшкөн Замирбек: "Бир да куткаруучу чыга албай, мен жалгыз алып түштүм"

 
Замирбек Анарбаев

23-сентябрда Аксы районундагы Сары-Челек коругунда израилдик Хилла Ливне аттуу турист кыз дайынсыз жоголуп, 29-сентябрь күнү коруктагы аскадан анын жансыз денеси табылган. Аны издөө-куткаруу ишине ӨКМнын кызматкерлери жана Израиль мамлекетинен да куткаруучулар тартылган. Бирок кыздын аскада калган жансыз денесин куткаруучулар алып түшө албай Сары-Челек коругундагы Аркыт айылынын 33 жаштагы Замирбек Анарбаев аттуу тургуну алып түшкөн. Анарбаев окуя тууралуу бүгүн, 1-октябрда SUPER.KG'ге айтып берди.

"Мен турист кыз каза болгон аскага жакын жерде элдин коюн кайтарам. Ошол күнү куткаруучулардын жанында жүрдүм. Кыздын аскада калган сөөгүн алып түшүү үчүн биринчи эле чыгып кетип бараткам. Бирок Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин адамдары "куткаруучулар өздөрү алып түшөт, биз сага жооп бере албайбыз, түш" деп коюшту. Андан кийин биздин куткаруучулар чыгып баратып жарымына жеткенде "мындан ары чыга албайбыз" деп туруп калышты. Израилден келген эки куткаруучу болсо дрон менен карап туруп "чыга албайбыз" дешти. Себеби таштар суу болуп калган экен. Аркан илгенге да оңтойсуз болчу. Анан менин кайра чыгуумду суранышты. Мен арканга асылбай эле, таштан-ташка тырмышып отуруп чыгып барып кыздын сөөгүн арканга байладым", - дейт Замирбек.

Окуяга кайрыла кетсек, 23-сентябрь күнү Аксы районуна караштуу Кызыл-Туу айыл аймагында жайгашкан Сары-Челек коругуна өз алдынча Израиль өлкөсүнүн эки жараны жана Франциянын эки жараны турист катары келишип, Кара-Камыш көлүн көздөй жөө жөнөп кетишет.

Алар 23-сентябрь күнү кечинде Кара-Камыш көлүндө түнөп калышат. 24-сентябрь күнү аталган 4 турист Сары-Челек көлүн көздөй жол тартышып, Көтөрмө ашуусуна келгенде жолдун жоктугуна байланыштуу, израилдик 1995-жылы туулган Хилла Ливне жолдон адашып, бөлүнүп кеткен. Ал эми Израиль мамлекетинин жараны 1993-жылы туулган Городесен Нафад аскадан кулап кетип, бутунан жаракат алган.

Жабыркаган Городесен Нафадга Франциядан келген эки турист жардам көрсөтүшкөн. Бирок жабырлануучуну айылга алып түшүүгө мүмкүнчүлүктөрү болбогондуктан Израилдин туристтик фирмасына спутник аркылуу телефон менен байланышка чыгып, өздөрүнүн жолдон адашып калгандыгы, бир адам жабыр тарткандыгы боюнча кабар беришкен.

Израиль туристтик фирмасы Кыргыз жериндеги CBTi фирмасы менен байланышып, жардам сураган. Фирманын кызматкерлери Сары-Челек коругунда алар менен иштешип жүргөн Рысбек Ормонов аттуу жаранга кайрылышкан.

24-сентябрь күнү саат 19:00 чамасында Ормонов жана төрт адам эки автоунаа менен Франциянын эки жараны жана жабырлануучу Н.Городесен турган жайды таап барышкан. Бирок 1995-жылы туулган Хилла Ливне дайынсыз жок экендиги аныкталгандан кийин, 3 туристти Кызыл-Туу айыл аймагынын Аркыт айылына алып келишкен.

25-сентябрь күнү израилдик турист кызды издөө иштери башталган. 29-сентябрь күнү анын жансыз денеси аскадан табылып, милиция кызматкерлерине өткөрүлүп берилген.

Израилдик 22 жаштагы турист кыздын өлүмүнүн себебин аныктоо үчүн экспертиза дайындалды. Маалыматка караганда, маркумдун бети-башында, бутунда жана колунда жаракаттары болгон. Материал боюнча кошумча иликтөө иштери жүрүп жатат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(31)
01.10.2017. 19:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+46
Иии, өлүм менен алышканын эстесең...
Азаматсыз Замирбек мырза, баракелде, өзүңүз аман эсен түшүптүрсүз.
01.10.2017. 19:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+15
Ушундай бийик жерге чыкпай жанынан корсо деле болмок екее
01.10.2017. 20:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+51
Кыргызбыз ушундай ало- тоодой болгон журокту ага инилербиз бар !!! Алар менен сыймыктанабыз
01.10.2017. 21:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-32
jonne,Аксылыктар ушундай баатыр эл болот
01.10.2017. 20:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+26
Мамлекет тарабынан сыйлыка корсотулуш керек. Баатыр наамын берсе да жарашат.
01.10.2017. 23:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+17
jibew,бизде ак уйду алгандарга беретго баатыр деген наамды ?
02.10.2017. 00:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-20
almazbei, Ак уйду жон жерден барып эле алган жок. Ал жерден Бакиевдик кланды кулатып туруп алышты. Эгерде азыр Бакиев президент болуп турганда ушундай жыргап жашаганынарды корот элем. Эл.энергия кымбаттап, тел-ндор учун 60 тыйын кошулганы эсинерден чыгып калдыбы?
02.10.2017. 08:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+16
tular,азыр ал мезгилге караганда эки эсе кымбаттап кеткен унчукпай эле жашап жатасынар го электр энергияга толоп.
01.10.2017. 21:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-10
оа ушул жигитке эмгек синерген наам бергиле
02.10.2017. 13:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Rasul94,ооба эмгек синирген артист наамын берет
01.10.2017. 21:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+35
Замирбекти ОКМге жумушка алышса болмок.Кызыл-Кыяда дагын карьерде бир шахтер калып кеткенде ОКМ апчыга алган эмес.Ошондо жергиликтуу Эсен ака деген киши карьерге тушуп жанагы шахтерду алып чыгып куткарып калган.Бирок жанагы куткарган Эсен акага рахмат дагын айтышпаптыр.Супер инфо ошого окшогон баатырларыбызды таап коментария алсаныздар болот.
02.10.2017. 12:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
KGstan1981,ошол Эсен ба
йкени алыш керек жумушка,куткаруучулукка
01.10.2017. 22:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+19
Уят эле куткаруучуларга
01.10.2017. 23:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
Мындай кишилерге токтоосуз жумуш бериш керек!ОКМ ден.
02.10.2017. 02:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-6
ekaterinburg,кагылайын өкм дин айлык маянварында канча экенин билесенби 14000 сен иштейт белең.
02.10.2017. 06:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
sely,Анан сен мал багып иштейт белен талаада
02.10.2017. 10:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
BakytAliev,кой кайтаргандар нормале табат. Бир брат бар 600 койду 80 сомдон багат. 48000 айына
01.10.2017. 23:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Замир Анарбаев азаматсын !! Озумдун уком го
01.10.2017. 23:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Замир байкеге жок дегенде Маданияттын мыкты кызматкери деген наам беришсин))
01.10.2017. 23:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Тааныш аркылу ишке киргендерго
02.10.2017. 00:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
227000 доллар алышыптыр го куткаруучулар, ошондон кичине болуштубу бул бала менен, же баягы эле жоону чапса биз чаптык, аты калды Манаска болдубу?
02.10.2017. 01:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Азаматсыз
02.10.2017. 03:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кыргыз.дын и Израи.н куткаруучуларын жумуштан алып Замирбеке окшош кишилерди алыш бул пайда алып келсе керек эки өлкөгө тең.Тигилерге жөнле акча төлөбөй дрон иштетип койгонго.
02.10.2017. 07:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Замирбектин суротун чыгарып койсонор жакшы болмок экен.
02.10.2017. 09:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ooki8888, саламатсызбы! Сүрөтү тиркелди.
02.10.2017. 08:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Байкущ кыз, Кыргызстанга ажалын издеп келиптир да
02.10.2017. 09:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Куткаруучулар эмес эле кууратуучулар экен го, мамлекеттин акчасын алып жатасыңар кызмат үчүн бирок колуңардан эчтеке келбейт. Силерге окшогон бок курсактарга караганда мал кайтарган эр азаматтарыбыз 100 эсе пайдалуу мамлекет үчүн!!! Куткаруучу деген атты алып жүргөндөн кийин ошого татыктуу болуш керек! Өз жанын ойлогон адам өзгөнү кантип куткарат?! Куткаруучунун жүрөгүндө от, жумушун так аткарыш керек!!!
PROS түзөттү 2017-10-02 09:51:09
02.10.2017. 10:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
минус баскан колунарга
02.10.2017. 14:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Замирбек Теке молодец
02.10.2017. 21:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азамат акебизге Аксылыктар сиз менее сыймыктанды го окуп алышып
03.10.2017. 05:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бул азамат жигитке да сыйлык бергиле!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: