Каржы министри Ольга Лаврова: "Чет жердеги кыргыздарды колдоого бюджеттен акча бөлүнгөн эмес"
2013-жылга карата чет өлкөдөгү жарандарды колдоого Эмгек,
миграция жана жаштар министрлиги тарабынан 2 миллион 700 миң сом бөлүнгөн. Бул
тууралуу каржы министри Ольга Лаврова бүгүн, 28-майда ЖКнын Социалдык саясат
боюнча комитетинин жыйынында билдирди. “Бул каражаттардын көпчүлүгү каза болгон
жарандардын сөөгүн Кыргызстанга алып келүү үчүн сарпталат”,- деди министр.
Айтымында, башка иш-чараларды уюштуруу үчүн бюджеттен эч кандай каражат бөлүнгөн
эмес. Белгилей кетсек, комитеттин жыйынында чет жердеги кыргыздарды колдоо
маселеси каралууда.
Автор: Ширин Жумадилова
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
22:54
2025-11-18
22:40
2025-11-18
15:55
2025-11-18
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео
















