Атамбаев: "Шайлоодо кырдаалды бузуп-жаруу аракеттерине катуу тыюу салынат"
"Президенттик шайлоо учурунда кырдаалды бузуп-жарууга багытталган аракеттерге катуу тыюу салынат", - деп бүгүн, 2-октябрда Коопсуздук кеңешинин тар чөйрөдөгү отурумунда президент Алмазбек Атамбаев билдирди.
Президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдиргендей, Атамбаев шайлоо алдындагы үгүт иштери учурунда жана президенттик шайлоо күнү коопсуздукту, коомдук тартипти сактоо үчүн укук коргоо органы бардык тийиштүү чара көрүүсү керек экенин белгиледи.
“Президентти тандоодо өлкөгө тынчтык жана биримдик өзгөчө маанилүү. Биз өлкө үчүн маанилүү болгон учурда провокацияга алдырбай, жарандардын коопсуздугун жана тынчтыкты камсыз кылуубуз керек. Баш аламандыкты уюштурууга аракет болгон учурда мыйзамга ылайык катуу жазага тартыла турган кепилдик берүү зарыл”, - деди президент.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















Садыр Жапаровду жок жерден каматтырды, анын куноосуз экенин ЭЛ билет!!!
Текебаевдин айыбын прокурорлор мойнуна кое алышпаса да сот абакка окум кылды... Ошондо кайдагы адилеттуулук?!!
Ошондо шайлоого озунун адамы менен олигарх калды негизги атаандаш болуп...
Бабанов акчасын сапырып элди акчага сатып алгысы келет. Атамбаевдин командасы болсо административдик ресурсту 2000% колдонуп, ана
Олкодо канча студент, казынадан маяна алган кызматкерлер болсо, баарын коркутуп-уркутуп, номер 2 бланк толтуртуп бутту го, жашаган жеринден эмес, биз айткан жерден шайлайсынар, болгондо да Жээнбековду гана деп!!!!......
Олкобуз онуксун
Башка эч ким жо шайлай турган