Орозбек Молдалиев "диний аалымдар шайлоодо добуш алып берет деген туура эмес" дейт
Бишкекте бүгүн, 3-октябрда "Шайлоого чейинки жана шайлоодон кийинки коопсуздук" деген темада тегерек стол өтүүдө. Бул "Акыйкат шайлоо үчүн" кыймылы уюштурган экинчи жыйын.
Жыйында коомдук ишмер Орозбек Молдалиев: "Муфтият дегенде ак селде оронгон, Кудай деген таза адамдарды элестетебиз. Бирок муфтият мамлекеттин ичиндеги мамлекетке айланган учурлар болгон. Ал эми диний аалымдарды шайлоого пайдаланып добуш алат деген туура эмес. Айт намазга келген элди имамды ээрчип келди деген туура эмес, эл намаз окуганы келди. Биз бул жаатта атайын изилдөөлөрдү жүргүзгөнбүз", - деп билдирди.
Эскерте кетсек, "Акыйкат шайлоо үчүн" кыймылына экс-президент Роза Отунбаева, мурдагы депутат Равшан Жээнбеков, депутат Жанар Акаев жана башкалар мүчө.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:08
2025-11-23
16:50
2025-11-23
16:19
2025-11-23
12:30
2025-11-23
11:10
2025-11-23
Рейтинг:
-1
-1

Супер-Инфо
super.kg видео
















Интернетте "Мусулмандар, Чубак ажы колдогон талапкерди колдойлу" деген видеороликтер журот...
Чубак ажы Жээнбековду колдогону, Атамбаевди колдогону болсо да, козун жумуп Чубак ажынын артынан кетчу адамдар миндеп-он миндеп саналат...
Ошондо бул Арзыматтын "жомогуна" ким ишенет?!!...
Баса, Кудай динге каршы келбеген адамды президент кылып тандап алат деген сандырак кебин чын болгондо, Атамбай шефин сага окшогондорду "чала молдо дин бузар" деп атабаган болоор эле... Хотя туура айтты...