Улан Рысбеков, ИИМ өкүлү: "Ооганстан 1 жылда 4600 тонна баңгизат даярдайт"
Бишкекте бүгүн, 3-октябрда "Шайлоого чейинки жана шайлоодон кийинки коопсуздук" деген темада "Акыйкат шайлоо үчүн" кыймылынын экинчи жыйыны өттү.
Ага катышкан Ички иштер министрлигинин өкүлү Улан Рысбеков шайлоого баңгизат бизнеси кандай таасир этиши мүмкүн экенин айтты.
"Ооганстан баңгизат өндүрүү боюнча дүйнөдө биринчи орунда. Бир жылда бул өлкө 4600 тонна баңгизат даярдоодо. Мунун шайлоого кандай таасири болушу мүмкүн? Көзөмөлсүз калса, наркобарондордун акчасы шайлоо иштерине пайдаланып кетүү коркунучу бар", - деди Рысбеков.
Эскерте кетсек, "Акыйкат шайлоо үчүн" кыймылына экс-президент Роза Отунбаева, мурдагы депутат Равшан Жээнбеков, депутат Жанар Акаев жана башкалар мүчө.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:08
2025-11-23
16:50
2025-11-23
16:19
2025-11-23
12:30
2025-11-23
11:10
2025-11-23
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















