super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Феликс Кулов: "Жарандын шайлоодо кимге добуш бергенин эч ким биле албайт, ким билсе, үйүмдү берүүгө даярмын"

 

Бишкекте бүгүн, 3-октябрда "Шайлоого чейинки жана шайлоодон кийинки коопсуздук" деген темада тегерек стол өтүүдө. Бул "Акыйкат шайлоо үчүн" кыймылы уюштурган экинчи жыйын.

Жыйында экс-премьер-министр Феликс Кулов жарандардын шайлоодо кимге добуш бергенин биометрикалык каттоо боюнча билүү мүмкүн эместигин айтты.

"Элибиз мындай коркутууларга жол бербеши керек. Биометрикалык маалыматтар боюнча жарандын кимге добуш бергенин билип койсо болот деген болбогон кеп. Эч ким биле албайт. Адамдын бармак изин аныктоо бюллетень аркылуу бүтпөйт, аныктоо абдан татаал. Эч качан таба албайт, менин кимге добуш бергенимди тапкан кишиге үйүмдү берем", - дейт Кулов.

Мурдагы депутат Равшан Жээнбеков студенттерди, айыл тургундарын "кимге добуш бергениңди билип алабыз" деп коркутуулар жүрүп жатканын айтты.

Эскерте кетсек, "Акыйкат шайлоо үчүн" кыймылына экс-президент Роза Отунбаева, мурдагы депутат Равшан Жээнбеков, депутат Жанар Акаев жана башкалар мүчө.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(2)
03.10.2017. 15:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Феликс ава кайсы үйүюүздү бересиз? Неме ооо жал артисттеги үйүңүздү берсеңиз мен сизди кимди шайлаганыңызы билип берем.
03.10.2017. 16:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Биометрика менен оңой эле таап алышат
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: