Бишкек-Ош унаа жолундагы "Сосновка" постуна унаалар үчүн коюлган чектөө алынды. ӨКМ айдоочуларга этият болууну эскертет
2-октябрда Бишкек-Ош унаа жолунун 127-128-чакырымындагы жолдун тайгактыгын жоюу максатында Жайыл районундагы "Сосновка" постуна унаалардын бардык түрлөрүнө чектөө киргизилген. Бүгүн, 3-октябрда коюлган чектөө алынганын ӨКМнын маалымат кызматынан билдиришти. Маалым болгондой, бүгүн жеңил жана оор жүк ташуучу унааларга коюлган чектөөлөр алынды.
"Учурда жол тайгак болуп жаткандыктан туруксуз аба ырайы күтүлөрү боюнча шашылыш эскертүү берилген. Синоптиктер берген маалыматтарга көңүл буруп, жолдо жүргөндө этияттоону эскертебиз", - деп билдиришти министрликтен.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:08
2025-11-23
16:50
2025-11-23
16:19
2025-11-23
12:30
2025-11-23
11:10
2025-11-23
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео















