super.kg logo

Ырчы Клара Алибекова окуя боюнча ИИМде көрсөтмө берүүдө

 

Ырчы Клара Алибекова боюнча кызматтык иликтөө жүрүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 6-октябрда Ички иштер министрлигинен SUPER.KG порталына билдиришти.

"Ырчы Клара Алибекованын окуясы боюнча ИИМдин Ички коопсуздук кызматы иликтөө жүргүзүүдө. Азырынча окуянын качан, кайда болгону белгисиз. Ал жерде канча милиция кызматкери болгону да такталууда. Негизи иликтөөнүн жыйынтыгы 10 күндүн ичинде чыгат. Бирок биз окуяны ыкчам иликтеп, тез аранын ичинде аныктаганга аракет кылабыз. Учурда Алибекова ИИМде көрсөтмө берүүдө", - деп билдиришти ИИМден.

Буга чейин интернетке "Клара Алибековага ким кол салды?" деген аталышындагы видео тараган. Видеодон ырчы Клара Алибекованын укук коргоо органдарына ага кол салуу болгондугун айтып берип жатканын көрүүгө болот. Бирок милиция кызматкерлеринин бири ырчыга "Крышаң кетип калган жок беле?" деген суроо узатып, анын айткандарына кайдыгер мамиле жасаган.

Окуя тууралуу ырчы SUPER.KG порталына ушул жылдын 27-сентябрь күнү кечинде дүкөндөн келе жаткан мезгилде ага мас абалдагы белгисиз адам кол салып, зордуктоого аракет жасаганын айтып берген. Ошондой эле ал жардам сурап милиция кызматкерлерине кайрылганда, шылдыңга алышып, түн ичинде жолдун боюна унаадан түртүп түшүрүп коюшканын айткан.








Клара Алибековага ким кол салды?

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(68)
Медиа-портал
05.10.2017. 16:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-12
Эй маспы бул???же мага ошондой корунуп жатабы же суйлошу ошондойбу же шок бп ошондой суйлоп жатабы??
Медиа-портал
06.10.2017. 18:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
albinochka2015,мас болгондо тиги XXXX мынданда оркоруп шылдындамак просто шок абалда ушинтип суйлогон
Модератор admin_superstan түзөттү 2017-10-06 23:20:56
Медиа-портал
05.10.2017. 16:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+19
Катуу коркондо адам сүйлөмөк тургай тилин жутуп алгансып, колу менен жаңсап көрсөтүп калат. Аа бул ырчы эжекебиз түшүндүрүп берип атса дагы милиция кызматкерлери камаарабай турушат. Эми ырчы болобу сынчы болобу, же бомж болобу баарибир милиция кызматкерлерине кайрылгандан кийин жардам бериш керек эле. Балким тиги зөөкүр кокус алдынан кичинекей кыз чыгып калса аны кармап алып зордуктап койсо не болот? Клара Алибек
Медиа-портал
05.10.2017. 16:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+24
Өзү эле үлпүлдөгөн үйлөп койсо учуп кетчүүдөй эжемдин жүрөгүн такыр түшүрүптүр
Медиа-портал
06.10.2017. 10:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+25
Биздин укук коргоо кызматкерлердин, билимсиздиги,маданиятсыздыгы корунуп турат. Жаранга жардам корсотуунун ордуна, кайра мазактоого оттуп. Кыргыздын тузугуроок жогорку, инсандары коруп отурса. Бул кызматкерлерди жазага тартуу керек. Мындай укук коргоо кызматкерлери.Жардам сурап кайырылган инсанды,тасмага тартып.Жалпы журтчулукка жарыялоого укугу жок!!!
bosmos77777 түзөттү 2017-10-06 10:21:58
Медиа-портал
06.10.2017. 10:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+26
Милиция кызматкерлери видеого тартпаш керек. Тартса да интернетке жайылтпаш керек эле, бул милиция кызматкерлеринин ото маданиятсыздыгы. Мындай окуя баардыгыбыз менен болушу мумкун. Келгиле ушул окуяга маани берип, ушул кызматкерлерди издеп таап мыйзамдын негизинде жооп беришине аракеткылалы!
1
2
3
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: