Бишкекте "50+" аттуу кызматтык бош орундардын жарманкеси өтөт
30-майда саат 10:00дө борбор шаардагы Токтогул көчөсү 237 дарегинде “50+" аттуу кызматтык бош орундардын жарманкеси өтөт. Мэриянын басма сөз кызматы билдиргендей, жарманкени Эмгек, миграция жана жаштар министрлигинин Бишкек шаардык башкармалыгы уюштурууда. Иш-чарага 26 мекеме, ишкана катышат. Жумуш издегендерге ишкана, мекемелердеги 3500дөн ашуун кызматтык бош орундар сунушталат жана алардын ичинде 50 жаштан жогоркуларга да тиешелүү кызмат орундары бар. Иш-чаранын алкагында насыя алуу боюнча семинар-тренинг да өткөрүлүп, тиешелүү адистер жумуш издегендерге керектүү кеңештерди беришет.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
22:54
2025-11-18
22:40
2025-11-18
15:55
2025-11-18
Рейтинг:
4
4
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео
















