Декларация: Транспорт жана коммуникация министри Калыкбек Султанов 2012-жылы 399064 сом маяна алган жана 1 үй, 1 жер тилкеси бар
Бир жылдык тапкан кирешеси жана жалпы мүлкү тууралуу декларация тапшырган мамлекеттик кызматкерлердин катарын транспорт жана коммуникация министри Калыкбек Султанов толуктады. Аталган документке көз жүгүртсөк, министр 2012-жылы негизги иш ордунан 399064 сом маяна алган. Султановго караштуу 250 чарчы метр үй жана 8 сотых жер тилкеси да бар. Ал эми анын жакын туугандары 2012-жылы 51360 сом киреше тапкан. Мындан сырткары министрдин жакындарына таандык Лексус 470 GX унаасы, 153,9 чарчы метр, 266,7 чарчы метр, 170,1 чарчы метр аянтты ээлеген кыймылсыз мүлктүн башка түрлөрү, 5 сотых жер тилкеси бар экендиги декларацияда жазылган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
22:54
2025-11-18
22:40
2025-11-18
15:55
2025-11-18
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео
















