Мэрия: "Өрт чыккан троллейбуста кыймылдаткычка келе турган токту азайтуучу реостат күйүп кеткен"
Борбор калаада бүгүн, 17-октябрда эртең менен троллейбустан өрт чыкканы маалымдалган эле. Өрттүн келип чыгуу себебин Бишкек троллейбус башкармалыгына шилтеме берип мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, Байтик баатыр жана Горький көчөлөрүнүн кесилишинде №17-троллейбустун кыймылдаткычка келе турган токту азайтуучу реостаты күйүп кеткен.
"Айдоочу жүргүнчүлөрдү түшүрүп, өз алдынча өрттү өчүрүүгө аракет кылган. Диспетчер кызматы өрт өчүрүүчүлөрдү чакырган. Кырсыктан жабыркагандар жок. Буга чейин троллейбус текшерүүдөн өтүп, кемчиликтер табылган эмес. Оңдоо иштерин жүргүзүү жана текшерүү үчүн троллейбус депого жеткирилди", - деп айтылат маалыматта.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:08
2025-11-23
16:50
2025-11-23
16:19
2025-11-23
12:30
2025-11-23
11:10
2025-11-23
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео















