super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Таластын Кара-Буура районунда ылдамдыгы секундасына 25 метрге чейин жеткен катуу шамал катталды

 

Бүгүн, 18-октябрда түнкү саат 02:40 чамасында Талас облусунда катуу шамал катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Кара-Буура районунда 18-октябрда түнкү саат 02:40тан 03:20га чейинки аралыкта ылдамдыгы секундасына 25 метрге чейин жеткен катуу шамал катталды. Алдын ала алынган маалыматтар боюнча кыйроолор жана жабыркагандар жок.

Мындан сырткары Кара-Балта шаарында жана Бишкек шаарында ылдамдыгы секундасына 20 метрге чейин жеткен шамал катталган.

Белгилей кетсек, Бофорттун шкаласы боюнча секундасына 17-20 метр ылдамдыкка чейин жеткен шамал жеңил конструкцияларды учуруп, бак-шактын сынып кулашына алып келет.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(4)
18.10.2017. 09:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ошто да болду ошол шамал. Машинамды дарактын түбүнө койдум эле ойлонуп чыктым эч нерсе болбосо экен деп
18.10.2017. 09:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Бишкекте да катуу болду шамал уктап жаткан жеримен ойгонуп кеттим.Кудайым боодо кырсыктан сактасын кыргыз элимди.
18.10.2017. 10:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-6
Бабановдун жердештери жөн отургула учуруп кетет деген белги болсо керек
18.10.2017. 10:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
uncomment,шамалды деле саясатташтырбай жон отурчу
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: