Жогорку Кеңештин жаӊы депутаты Зарылбек Рысалиев ант берди
Бүгүн, 18-октябрда Жогорку Кеңештин жаӊы депутаты Зарылбек Рысалиев ант берди. Ал "Республика-Ата Журт" партиясынын тизмеси боюнча депутат болуп бекитилди.
"Жогорку Кеңештин депутаты болуп жатып Кыргыз Республикасына берилгендигимди билдирип, мыйзамдарды так аткарууга ант берем", - деди депутат.
Рысалиев мурдагы депутат Нургазы Нышановдун ордуна келди. Нышанов башка кызматка дайындалганына байланыштуу өз каалоосу менен депутаттык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтоткон.
Жогорку Кеӊештин төрагасы Чыныбай Турсунбеков жалпы депутаттардын атынан Рысалиевди куттуктап, анын ишине ийгиликтерди каалады.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:08
2025-11-23
16:50
2025-11-23
16:19
2025-11-23
12:30
2025-11-23
11:10
2025-11-23
Рейтинг:
0
0

Супер-Инфо
super.kg видео

















Бул киши ички иштер министри болуп турган кезде Абдулла Юсупов бул менен телефон аркылуу туз суйлошчу.