super.kg logo

Парламент комитети Казакстандын 100 миллион долларлык жардамынан баш тартууну колдоду

 

Бүгүн, 24-октябрда парламенттин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук комитети Казакстандан бериле турган 100 миллион долларлык жардамдан баш тартуу сунушун колдоду. Бул тууралуу SUPER.KG порталына вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиев билдирди.

Маселе комитетте жабык эшик артында каралды. Зилалиевдин айтымында, бул жардамды алуу жөнүндө макулдашууга 10 жыл болгон. "Бул маселенин тарыхы өтө узак. 10 жылдан бери сүйлөшүү болуп биринчи келишимдер 10 жыл мурда түзүлгөн. Келишимге акыркы жолу 2016-жылы кол коюлган. Бул маселе дагы деле чечиле элек. Калыптары өзгөргөн ЕАЭБ алкагында техникалык жардам катары дагы келишимге кол коюлган. Бирок, тилекке каршы, ар кандай себептер менен бул каражат келген жок. Акыркы Кыргыз-Казак чек арасында абал чыгып кеткенде Казакстандын кээ бир саясатчы, аткаминерлери бизге бербеген жардамды жок кылышты. Бул жардам техникалык, акчалай деп жазылган. Бирок 10 жылдан бери берилбеген жардам эми деле берилбейт", - деди Зилалиев.

Эске салсак, аталган жардамдан баш тартуу сунушу кечээ, 23-октябрда Бюджет жана финансы комитетинде дагы жактырылган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(6)
24.10.2017. 10:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Колдойм бергенин док кылып кундо казак телесинде корсотуп Кыргызды айры калпактар деп кундо сайрап атышат коруп алып жиним келет
24.10.2017. 13:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
baisogur, эми сенин ким экенинди, кимдин камчысын чаап жургонунду копчулук билет... Озу 1 сом акчанар жок, Кытайдан жалынып карыз сураганды билесинер... Казактарга келгенде муну саясатташтырып жатасынар... Казактар ал акчаны Атамбаевдин же Зилалиевдин же жетеленме 120 депутаттын чонтогуно тушсун деп берип жаткан жок, жалпы Кыргызстан элине бергени жатат...

Ошол акчаны алып жеп койбой максаттуу жумшаса элдин керегине жарамак...
24.10.2017. 12:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Казалар жаман эле болуштуго
24.10.2017. 13:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Дубана таарынса куржунуна зыян демекчи, бийлик элдин жашоосу менен эсептешпей калыптыр... 120 депутат элдин добушун сатып алып бийликке келген сон билген ... жеп отурат... "Ак жолчулардан" отуп кетти, бийлик эмне десе "ляппай" деп аткарып...

ЕАЭБке киргенибизге 2 жылдан ашты, ошого чейин курулууга тийиш болгон лабораториялар курулбай турат. Дыйкандар тышка эт-сут экспорттой албай отурат.. Бийлик болсо элди ойлобой оз чонтогун ойлойт, эмнени сата койсом экен деп..
24.10.2017. 21:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ХХХХ. 10жыл болсо бербесе еми деле бербейтта анан кыргыз окмоту баш тартты да .кунун тушпосун ХХХХ
Модератор admin_superstan түзөттү 2017-10-25 12:10:51
25.10.2017. 12:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
afina66, улут аралык келишпестиктерди жарата турган билдирүүлөрдү калтырууга тыюу салынган. Эскертүү!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: