super.kg logo

Алмазбек Атамбаевдин кызы Алия Шагиева Кыргыз-Казак чек арасынан өтүү үчүн 2 саат кезек күткөнүн билдирди

 

Президент Алмазбек Атамбаевдин кызы Алия Шагиева Кыргыз-Казак чек арасындагы көзөмөл өткөрүү бекетинде 2 саат кезек күттү. Бул тууралуу ал интернеттеги баракчасына жазды.

Шагиеванын билдирүүсүнө ылайык, ал Киевде өтө турган сүрөт көргөзмөсүнө Алматы аркылуу учмак.

"Биз Алматыга баруу үчүн акылсыздык кылып өзүбүздүн унаабызды айдап алганбыз. Буга байланыштуу чек арадагы көзөмөл-өткөрүү бекетинде 2 саат турдук. Көрсө такси менен келип, чек ара бекетинен жөө өтүп, кайра таксиге отуруу туура болмок экен. Жети айлык балам жанымда болгондуктан мен бир аз ачуулана баштадым. Уулум Таир ыйлап баштады, күйөөм мени тынчтандырып жатты. Учактын уча турган убактысына кечигип калабыз деп ойлоп, бул абалга бир тарабынан ыйлагым келсе, бир жагынан күлкүм келди. Бизге кезек жетип, көзөмөл-өткөрүү бекетине келгенде биз Таирди жалпы жарандык паспорту жок эч жакка алып кете албастыгыбызды билдик. Ошондо 7 айлык баланын да жалпы жарандык паспорту болуш керек экендигин биринчи жолу билдик" - деп жазган Шагиева.

Мындан кийин түгөйлөр уулун чоң энесине таштоону туура көрүп, кайрадан шаарга кайтып келишкен. Кайненеси баласын алып калып, өздөрү таксиге отуруп чек ара бекетине келип, жөө өтүшкөн.

"Биз чек арадагы көзөмөл-өткөрүү бекетинен өтүп, таксиге отурган кезде түнкү саат 02:30 болчу, учак саат беште учмак. Таксистке бул тууралуу айтканыбызда ал жогорку ылдамдыкта, бирок сөгүнүп айдап бара жатты. Аэропортко 4:45те жеттик, бизди рейске коё беришкен жок. Кийин билсем ал рейстеги учак кечигип учкан экен, башкача айтканда, каттоодо отурган кыздар бизге жардам бергиси келбептир. Ошентип кийинки рейс менен Киевге учуп келдик", - деген ал.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 3 
Комментарийлер(48)
25.10.2017. 10:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+30
Атасынын кызы экен таза
25.10.2017. 11:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+17
Niiaz,бул эки саат турса башкалар канти экен
25.10.2017. 18:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Niiaz,оа да))ким куноолуу атан куноолуу буга))атана зв кылбайт белен
25.10.2017. 10:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+80
Ушул билдирууну интернеттеги баракчана жазбай эле сразу атанын телефонуна СМС кылып жазбапсында
25.10.2017. 10:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+17
Mushker2013,ха ха
25.10.2017. 15:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Mushker2013, Ама ичти эздинго чиркин
25.10.2017. 10:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+19
Президент айткан сөзү үчүн Казак тарап катуу чара көрдү . Президент кызы болсо да пайда бербептир
25.10.2017. 10:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
ХХХХ жаман болуштуго
Модератор admin_superstan түзөттү 2017-10-25 11:55:43
25.10.2017. 12:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-7
Бул жон эле пиар болсо керек, антпесе Алматыга деген, самолетто эле бармак да.
25.10.2017. 10:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+40
Атандын кесепетида, сага да тийиптирда ээ? Сенго 2 саат эле турупсун башкаларчы? Дагы билип калышканда именно кимдин кызы экенинди дагы эки кун кармашмак.
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: