super.kg logo

Казакстандын Тышкы иштер министрлиги Бишкекте элчиликтин алдында өткөн митинг боюнча жооп кайтарды

 

Казакстандын Тышкы иштер министрлиги Бишкекте элчиликтин алдында өткөн митинг боюнча жооп кайтарды. Бул тууралуу бүгүн, 26-октябрда казакстандык басылмалар жазып чыгышты.

“Бүгүн Кыргыз жарандары Бишкектеги Казакстандын элчилигинин алдында чек ара боюнча нааразычылык акциясын өткөрүп, Казакстандын жетекчилигинин дарегине петиция жөнөттү. Биздин оюбузча, Кыргыз коомчулугуна эки өлкөнүн ортосундагы чек арадагы абал жөнүндө туура эмес маалымат берилген. 18-октябрда эки өлкөнүн өкмөт башчылары Кыргыз-Казак чек арасында жөө жүргүнчүлөрдү, жеңил автоунааларды, жүк ташуучу унааларды өткөрүүдө артыкчылык тартип киргизүүнү камсыз кылуу боюнча сүйлөшкөн. Казакстандын премьер-министри Бакытжан Сагинтаев 25-октябрда Арменияда өткөн Евразия экономикалык биримдигине мүчө мамлекеттеринин өкмөт башчыларынын жыйынында чек арада казак тараптан товарлар күчөтүлгөн тартипте текшерилип жатканынын себеби боюнча толук жооп берген”, - деп жазылат маалыматта.

Айта кетсек, бүгүн Бишкек шаарындагы Казакстандын элчилигинин алдында чек аранын жабылуусуна каршы болгон жарандар нааразычылык акциясын өткөрүштү. Алар чек аранын ачылуусун талап кылып, карапайым жарандар кыйналып жатканын билдиришти.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(17)
26.10.2017. 17:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Биздин АША эми эки айдан кийин реакция кылат бул сөзгө!
26.10.2017. 18:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Атамбаев эркек. Айта турган сөздү айтты. Казактар Кыргызстандын бат эле өнүгүп кетишин билип, бут тосуп келе жатат.
26.10.2017. 18:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Eksvp_1, тымызыын онуго бериш керек балпандабай ал жака чыгып алып бап. Бап бап дебей
26.10.2017. 19:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Bolunbo.kyrgyz,сен айткан да туура, бирок өз убагында айтканы туура болду. Акаев Бакиев Кыргыздын кызыкчылыгын коргой алган эмес, өзүнүн жанын ойлоп КЫТАЙ КАЗАКА КЫРГЫЗДЫН ЖЕРИН БЕРИП КОЙДУ. Ошону да эске алыш керек. Казактар Бакиевти эмне үчүн жакшы көрөт? Каркыраны Казака жөн эле берип койгону үчүн.
27.10.2017. 00:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Eksvp_1,койчу э Бакиевтен ашса ашат кем калбайт ошол жерди берип жатканда булар кайда эле
Чыркырап чындыкты айтып турса болот элего
Мисал:Садыр Жапаров кумторду айткандай болуп
Мына турмодо олтурат
А аша айтты беле Садырдай болуп
27.10.2017. 00:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Eksvp_1,казак менен жер талашып канча баатырлар курман болгон
Жерин алдырган эмес
Акыркы ханы кенсарыны олтурушкон
Акаев Бакиевтер негизи эле аткаминерлер балп этип берип коюшкан бириси дагы жакшы эмес
Буларды мактап болбойт бири-биринен ашкан ХХХХ
Модератор admin_superstan түзөттү 2017-10-27 09:48:46
27.10.2017. 01:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
ariet97,азыр Назарбаев Кененсары болуп жатпайбы анын батаасын алган абыке Бабанов аны колдогон Таластыктар. Таластыктар Кыргыз менен ХХХХ айырмасын билеби? Мадумаров, Сариев же Жээнбековту шайлабайбы?
Модератор admin_superstan түзөттү 2017-10-27 09:36:30
27.10.2017. 00:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Bolunbo.kyrgyz,ошону айтсан!
26.10.2017. 18:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Eksvp_1,Эркек деген иши менен корсотот, бул келиндердей болуп Назарбаевге тийишип ата тегин айтып эмне кылат? Ушул эркегинин айынан миндеген адамдардын тагдыры бузулду ошону тушунсонор. Уйун коюп канчасы кредит алган, товардары куйду.
26.10.2017. 19:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
jbolotov,мисалы сени кошунаң кемсинтип мыскылдаса үн чыкпай калабересиңби?
26.10.2017. 19:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
jbolotov, тагдыр бузулбайт жер жемиш бузулат коп болсо.
26.10.2017. 19:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
Туура айткан Атамбаев. Козун карап журуп кондургон Бакиев. Казактар коз караган сайын денкейип мурдун которуп атат. Атамбаев ачык кагып айтканы эн туура. Кунумдук чегин жабымыш болгону менен мындан ары мурдун которо албай калат. Чекти жаап комурун бербесе кыргыздар да чегин жаап сууну жаап бир тамчы бербей койуу керек. Ошондо корот жанга комур баа бекен же суу баа бекен. Озлору келет Бишкекке кечирим сурап.
26.10.2017. 21:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Дыйкандар эмне кылат Эми жер жемишин сайта албай бизде почти Бекер эле
27.10.2017. 01:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Nurbag,ошонун баары дыйкандар деп ойлойсунбу?жанылышасын 90.95% ти чайкоочу чыйкандар.
27.10.2017. 06:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
казактарга суу бербей коюш керек.
27.10.2017. 10:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
nemo2016, коомдук этиканы сактаңыз. 2 күнгө БАН!
27.10.2017. 11:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Azatbek83, провокацияга жол жок! 3 күнгө БАН!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: