Ысык-Көл. "Ысык-Көл - манасчылардын алтын бешиги" аттуу 3 күндүк иш-чара башталды
30-майда "Ысык-Көл - манасчылардын алтын бешиги" аттуу иш-чаранын биринчи бөлүгү К.Тыныстанов атындагы Ысык-Кѳл мамлекеттик университетинде илимий-практикалык конференция менен башталды. Бул тууралуу Каракол шаардык мэриясынын туризм, маданият жана маалымат бѳлүмүнүн башчысы Алик Асанов билдирди. Маалыматка таянсак, иш-чара 3 күнгө созулат. 31-майда шаардык стадиондун жанына "Манасчылар ордосу" ачылып, 1-июнда Каракол шаарындагы ат майданында улуттук ат оюндары өткөрүлөт. Кошумчалай кетсек, иш-чара ѳкмѳттүн Ысык-Кѳл облусундагы ѳкүлчүлүгү жана "Тынчтык" коомдук фонду тарабынан уюштурулууда.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
22:54
2025-11-18
22:40
2025-11-18
15:55
2025-11-18
Рейтинг:
2
2
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео
















