super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Бишкекте кызуу талкууга алынган арстандын баласына Акжолтой деген ысым берилди

 

Бир канча күндөн бери социалдык тармактарда кызуу талкууга алынган арстандын баласын багып жүргөн жаран аныкталып, жырткыч жаныбар "Бугу эне" коомдук фондуна өткөрүлүп берилди. Бул тууралуу бүгүн, 2-ноябрда Мамлекеттик экологиялык-техникалык инспекциясынан билдиришти.

"Арстандын баласы Мамэкотехинспекциянын инспекторлору жана укук коргоо органдары тарабынан издөөгө алынган. Натыйжада Кызыл китепке кирген жаныбардын баласын Ысык-Көл облусунун Д.А. аттуу жараны багып жүргөнү маалым болуп, жеринен протокол түзүлдү. Учурда инспекциянын экологдору Кызыл китепке кирген жаныбардын баласына Акжолтой деген ысымды ыйгарышып, "Бугу эне" коомдук фондуна өткөрүп беришти", - деп билдиришти аталган инспекциядан.

Эске сала кетсек, аталган жаныбар СИТЕСке кирген жапайы жаныбары болуп саналат. Мындай жырткыч жаныбар буга чейин Каракол шаарындагы жапайы жаныбарларды багуучу жайында багылып келген.

Адистердин айтымында, бул жырткыч жаныбар улам чоңойгон сайын кооптуу болуп, адам өмүрүнө кол салып дагы жибериши толук мүмкүн. Андыктан бул жаныбарды өткөрүп алган тарап дыкаттык менен көзөмөлдөп турушарын баса белгилешти. Ал эми жаныбарды мыйзамсыз багып жүргөн жаранга карата учурда иликтөө иштери жүргүзүлүп баштады.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: