Өкмөт: "Тоолуу аймактарга электр энергиясына жеңилдик берүү каралып жатат"
Тоолуу аймактарга кирген Нарын облусуна, Чаткал менен Чоң-Алай райондоруна электр энергиясындагы лимиттерди көбөйтүү маселеси каралып жатат. Бул тууралуу бүгүн, 2-ноябрда Жогорку Кеңештин жыйынында вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиев 2017-2018-жылдардагы күз-кыш мезгилине карата даярдыктар боюнча депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып айтты.
"Район башчыларынан, облус жетекчилеринен өзгөчө тоолуу аймактарда кыш мезгилинде электр энергиясындагы киргизилген чектөөлөргө карата жеңилдиктерди берүү боюнча сунуштар түшкөн. Бүгүнкү күндө тийиштүү тармактар маселени карап, жакында өкмөткө киргизет. Өзгөчө Нарын облусунан, Чаткал менен Чоң-Алай райондорунан лимиттерди көбөйтүү боюнча сунуштар келип түшкөн", - деди Зилалиев.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:08
2025-11-23
16:50
2025-11-23
16:19
2025-11-23
12:30
2025-11-23
11:10
2025-11-23
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(1)
rysik79
02.11.2017. 12:03
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакшы жоролго
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















