ӨКМ: "Баткендин Тигин-Ава тоосундагы өрт толук өчүрүлдү"
Баткен облусуна караштуу Баткен районунун Дара айыл өкмөтүндөгү Тигин-Ава тоосунун боорун каптаган өрт толук өчүрүлдү. Бул тууралуу бүгүн, 4-ноябрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Дара айыл өкмөтүнүн Кайыңды айылындагы Тигин-Ава тоосунун боорун каптаган өрт 2-ноябрда саат 17:00дөр чамасында башталып, кечээ, 3-ноябрда саат 18:15тер чамасында толук өчүрүлгөн. Тилсиз жоону токтотуш үчүн Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен 37 кызматкер, жергиликтүү тургундардан 155 адам тартылган. Өрттөн 3 гектардан ашуун аймактагы куураган чөп, бадал өсүмдүктөрү күйүп кеткен.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:26
2025-11-21
19:04
2025-11-21
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(2)
Syn4y
04.11.2017. 15:07
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
koisonor, jaan jaap ozu o4up kaldy desener
almanbetperm
04.11.2017. 15:08
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Syn4y, ОКМ карайтда погода дагын )))))
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















