Ысык-Көл. Митингчилер президент Алмазбек Атамбаевдин келишин талап кылышууда
Жети-Өгүз районунун Тамга айылындагы митингчилер президент Алмазбек Атамбаевдин 2 күндүн ичинде келишин талап кылышууда. Өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз катчысы Назира Муканбетова билдиргендей, учурда митингчилердин саны 700-800 киши. 30-майда митингчилер менен Экономика министри Темир Сариев, облус башчысы Мирбек Асанакунов, Эмгек, миграция жана жаштар министри Алиясбек Алымкулов, Айыл чарба министри Чыңгысбек Узакбаев жана башка органдарынын жетекчилери митингчилер менен 2 сааттан ашык сүйлөшүү жүргүзгөн. Бирок андан майнап чыга элек.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
22:54
2025-11-18
22:40
2025-11-18
15:55
2025-11-18
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео
















