Чек ара кызматы: "Кыргыз-Казак чек арасында кезек күткөн 300гө жакын оор жүк ташуучу унаа бар"
Бүгүн, 10-ноябрда Кыргыз-Казак чек арасында 300гө жакын оор жүк ташуучу унаа кезекте турат. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынын коомчулук менен байланыш бөлүмүнүн өкүлү Салкын Абдыкариева билдирди.
"Учурда "Ак-Тилекте" 160, "Чоң-Капкада" 130дан ашык оор жүк ташуучу унаа Казакстандын аймагына өтүш үчүн кезекте турат. Ал эми "Ак-Жол" жана "Чалдыбар" көзөмөл-өткөрүү жайларында унаалардын жана адамдардын кезеги жок", - деди Абдыкариева.
Айта кетсек, Кыргыз-Казак чек арасында жалпысынан 8 көзөмөл өткөрүү жайы бар. Анын ичинен "Ак-Жол", "Чалдыбар", "Ак-Тилек" жана "Чоң-Капка" көзөмөл-өткөрүү жайлары эл аралык мааниге ээ.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:29
2025-07-07
Рейтинг:
0

Комментарийлер(1)
bom.bon

10.11.2017. 16:08
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Бир жума мурда 60 деп жаттынар элего
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.