Депутат: "Сүт сатып алуучу фирмалар Кыргыз-Казак чек арасындагы абалды шылтоолоп сүттү арзан алууда"
"Сүт сатып алуучу фирмалар Кыргыз-Казак чек арасындагы абалды шылтоолоп сүттү арзан алууда", - деп бүгүн, 16-ноябрда парламент жыйынында "Бир Бол" фракциясынан депутат Улугбек Ормонов билдирди.
Ал билдиргендей, фирмалар дыйкандардан сүттүн литрин 5-6 сомдон алып жатышат.
"Чүй облусундагы карапайым элден сүт сатып алуучу фирмалар Кыргыз-Казак чек арасындагы абалды шылтоолоп сүттүн баасын кескин түшүрүп жиберген. Ушул маселеге өкмөт көңүл буруп, чара көрүүсү керек. Анткени алар Кыргыз мамлекетинин фирмасы", - деди ал.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:51
2025-07-07

17:54
2025-07-07

16:28
2025-07-04
10:40
2025-07-03
Рейтинг:
2

