Экономика министри: “Өлкөдө күйүүчү май менен камсыз кылууда көйгөй жок”
Экономика министри Артем Новиков өлкөдө күйүүчү май менен камсыз кылууда көйгөй жоктугун айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 16-ноябрда парламент жыйынында билдирди.
“Кыргызстан” фракциясынан депутат Алмаз Эргешов айрым маалымат каражаттарында күйүүчү май 1 айга эле жетет деген маалыматтар чыгып жатканын айтты.
Новиков бул тууралуу маалыматты төгүндөдү. “Күйүүчү май менен камсыз кылууда эч кандай көйгөй жок. Ал эми ун боюнча айта турган болсом 3 айга жете турган ун калды. Бирок ун, буудай ташылып келип жатат”, - деди министр.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
14:27
2025-11-23
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео
















