super.kg logo

2 миллион долларлык бюстгальтер, моделдин подиумда жыгылганы. Көп кызыктар коштолгон "Victoria's Secret Show 2017" ич кийимдер көргөзмөсү Кытайда өттү

 

Мода дүйнөсүндөгү эң негизги жана масштабдуу иш-чаралардын бири болуп эсептелген "Victoria's Secret Show 2017" мода көргөзмөсү кечээ, 20-ноябрда Кытайда болуп өттү.

Чет элдик басылмалардын маалыматына ылайык, Кытайдын Шанхай шаарында өткөн мода көргөзмөсүнө дүйнө жүзүнүн көптөгөн өлкөлөрүнөн көрүүчүлөр келишкен. Ич кийимдерди чыгарган бренддин тарыхында эң масштабдуу деңгээлде уюштурулган бул көргөзмө "Mercedes-Benz Arena" стадионунда, 18 миң көрүүчүнүн катышуусунда өттү.

Кеченин көрүүчүлөрү көптөгөн кызыктуу окуяларга күбө болушту. Алардын бири - баасы 2 миллион долларды түзгөн бюстгальтер болду. Ал бриллиант, сапфир асыл таштары менен кооздолуп, негизинен алтындан жасалган. Мындай аземделген ич кийим 27 жаштагы бразилиялык топ-модель Лаис Рибейронун шыбагасына туш келип, подиумга кийип чыкты.

Ич кийимдер көргөзмөсү жагымсыз жаңылыктар менен да коштолду. Иш-чарага 3 күн калганда украиналык модель Дарья Хлистунга Кытай элчилиги виза берүүдөн баш тарткан. Ушундай эле окуяга орусиялык моделдер да кабылышкан. Сулууларга виза эмне себептен берилбей калгандыгы азырынча маалымдала элек.

Украиналык модель Дарья Хлистун

Кеченин коноктору күтүлбөгөн окуяга да туш болушту. Кооз ич кийим менен айкалышкан бийиктиги 15 сантиметрлик такалуу бут кийим кийип подиумга кытайлык модель Минс Си чыкты. Көпчүлүк суктанган көздөрү менен моделди узатып бара жатканда Минс күтүүсүздөн жыгылып кеткен. Анын бул абалдан чыгуусуна кесиптеши жардам көрсөтүп тургузуп, шоу кайрадан уланды.

Келген коноктор "Victoria's Secret`тин" көргөзмөдөн кийинки атайын уюштурулган кечесине да күбө болушту. Анда бренддин атайын моделдери денесин жашырбаган көйнөктөрдү кийип барышып, көпчүлүктү "суктандырган".

"Victoria's Secret" - айымдарга арналган ич кийимдерди чыгаруучу бренд.






Минс Синин кулашы "Victorias Secret`s Show 2017"

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Комментарийлер(5)
21.11.2017. 13:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
7чи сурот жакты чиркин изи тузуп калыптыр го "карындашынын"
21.11.2017. 13:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Isco23,оа магада жакты, ХХХХ. Тим эле шилекейди агызатко чиркин.
Модератор admin_superstan түзөттү 2017-11-21 14:09:20
21.11.2017. 14:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Isco23,sindisinin desen
21.11.2017. 16:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Syn4y,оа☺синдисинин. Аябай эле чон окшойт ойдо жакка чейин го изи))))
21.11.2017. 15:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Бут кучтуу моделдер Виктория сикритс аркылуу отот го чиркин...договор тузсо болду,,,,ийгилик капчыгында
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: