Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолундагы жол кырсыгынан 1 адам каза таап, 4 адам жабыркады
Кечээ, 26-ноябрь күнү саат 18:40 чамасында Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 195-чакырымында “Опел Зафира” үлгүсүндөгү жеңил унаа менен КамАЗ үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу унаа сүзүшкөн. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматынан билдиришти.
“Кырсыктын кесепетинен 4 адам жабыркап, 1 адам каза болгон. ӨКМнын №42-куткаруу бөлүмүнүн кызматкерлери жаракат алган адамдарды унаадан чыгарышып, “Тез жардам” кызматкерлерине өткөрүп беришкен”, - деп айтылат маалыматта.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:26
2025-11-21
19:04
2025-11-21
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















