Баткен. Баткен районунун Ак-Сай айылындагы абал турукташып калды
1-июнь күнү сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында, Баткен районунун Ак-Сай айылындагы абал тынчып, андагы тосулган жол да ачылды. 31-майда Баткен районун Ак-сай айылы менен Тажикстандын Ворух анклавынын жашоочуларынын ортосунда пикир келишпестик
чыккан. Баткен РИИБинин опер кызматкерлеринин айтымында, Ак-сайда жүргөн Ворух анклавынын Хожиало айылынын 2 тургунун Кыргызстандын
чек арачылары кармап, бул иш боюнча акт түзгөндөн кийин аларды коё беришкен. Бирок ал экөө өз айылдарына барып, ошол жерде жүргөн 3 кыргыз жаранын сабап коюшкан.
Бул окуядан кийин кыргыздар жолду тосуп алышкан.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
22:54
2025-11-18
22:40
2025-11-18
15:55
2025-11-18
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео
















