Жалал-Абад. УКМК башкармалыгынын имаратын көздөй күйүүчү аралашмасы бар 5-6 шише ыргытылды
Жалал-Абад шаарындагы аймактык кабарчыбыз Гүлжан Эшбаеванын айтымында, кечки саат 19:30га карата топтолгон митингчилер УКМК башкармалыгынын имаратын көздөй күйүүчү аралашмасы бар 5-6 шишени ыргытышты. Бирок УКМКнын кызматкерлери аларды өчүрүүгө жетишип калышты.
Автор: Эльвира Караева
Учурда митингдин катышуучулары имаратка бастырып кирүүгө аракет кылышууда.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
22:54
2025-11-18
22:40
2025-11-18
15:55
2025-11-18
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео
















