super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

ЖЫЛНААМА, 3-ДЕКАБРЬ: Мындан 29 жыл мурун футболчу Азамат Байматов төрөлгөн

 

“Супер-Инфонун” тандоосу боюнча "2009-жылдын мыкты спортчусу" аталган Азамат Байматов 1988-жылы 3-декабрда Ош шаарында төрөлгөн.

“Дордой-Динамонун” курамында Кыргызстандын Көз карандысыздык кубогунун (2008) ээси, Кыргызстандын чемпиону (2008, 2014), АФКнын президентинин кубогунун (2008) күмүш медалынын ээси, 2011-жылы 22-декабрда КРнын Футбол федерациясынын версиясы боюнча "Жылдын мыкты футболчусу" наамына ээ болгон. Футболчу 2012-жылкы сезонду казакстандык "Окжетпес" клубунун катарында өткөргөн. 2013-жылдын март айында дарыгерлердин чукул эскертүүсүнөн улам 6 айдан ашык убакыт футбол ойногон эмес, жеңил машыгууларды гана өткөрүп келген. Анын улуттук курама командага кайтып келүүсү ушул эле жылдын октябрь айына дал келген.
Ошондой эле ал футбол боюнча Кыргыз курамасынын катарында бир катар ири мелдештерге катышып, команда капитаны да болуп жүргөн. 2014-жылы Түштүк Кореянын Инчхон шаарында өткөн Азия оюндарында 23 жашка чейинки курамдын капитаны болуп, улуттук кураманын өз тайпасынан чыгуусуна олуттуу салым кошкон.
Кийин футболчу өзүн чет элдик клубдарда да сынап көрүүнү чечкен. Бахрейн чемпиондугундагы "Аль-Риффа" футболдук клубунда ойноп, чемпиондуктун күмүш медалдарын тагынган. Ал 2016-2017-сезондо "Аль-Риффа" менен 23 оюнга катышып 2 гол киргизген. Ал эми жаңы сезондо омандык "Сохар" командасына барууну чечкен.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Комментарийлер(1)
03.12.2017. 12:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
байматов мыкты оюнчу кыргыздын серхио рамосу
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: