Президент "Жети-Өгүз районундагы өзгөчө абал режимин жокко чыгаруу" тууралуу жарлыкка кол койду
Бүгүн, 3-июнда президент Алмазбек Атамбаев "Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы өзгөчө абал режимин жокко чыгаруу тууралуу" жарлыкка кол койду. Бул тууралуу Президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди. Маалыматка ылайык, учурда аталган аймакта социалдык-саясий абал турукташып калды. Райондогу маселелерди өзгөчө кырдаалсыз эле чечүү мүмкүнчүлүгү пайда болду. Белгилүү болгондой, өзгөчө абал режими саат 12:00дөн баштап жокко чыгарылат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
22:54
2025-11-18
22:40
2025-11-18
15:55
2025-11-18
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео
















