Ноокатта 15 жашар окуучу кыз ай-күнүнө жетпей өлүү ымыркай төрөдү
Ош облусунун Ноокат районунда орто мектептин 10-классынын кош бойлуу окуучусу ымыркайын 6 айлык өлүү кылып төрөдү. Мындай маалыматты облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.
"Бул окуя 2017-жылдын 1-декабрында болуп Ош ОИИБине 4-декабрда билдирүү келип түшкөн. Учурда окуучу кыз Ноокат районундагы төрөтканалардын биринде, абалы жакшы. Кыздын боюнда болуп калуусу жана баланын өлүү төрөлүүсү туурасында тергөө иштери жүрүп жатат", - деп билдирет бүгүн SUPER.KG порталына Ош ОИИБинин басма сөз кызматынан.
Маалыматка ылайык, окуучу кыз 2002-жылы туулган К. кызы Г. Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарынын тургуну болгон, ата-энеси Орусияда мигрант экени аныкталган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:26
2025-11-21
19:04
2025-11-21
Рейтинг:
-3
-3

Супер-Инфо
super.kg видео

















Жакшы иш болбоптур.