super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Бишкекте өз жанын кыюу үчүн көпүрөдөн секиргени жаткан аялдын өмүрүн милиция кызматкери сактап калды

 

Бишкекте өз жанын кыюу үчүн көпүрөдөн секиргени жаткан аялдын өмүрүн милиция кызматкери сактап калды. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинен билдиришти.

Аталган мекеменин басма сөз кызматынын жетекчиси Адыл Оморовдун айтымында, 7-декабрда С.Арунов аттуу милиция кызматкери Ала-Арча суусунун Жибек Жолу аркылуу өткөн жериндеги көпүрөдөн болжолдуу түрдө 30 жаштагы аялдын секирүүгө камынып жатканын көрүп, ага байкатпастан жанына барып кармап калууга жетишкен.

"Андан кийин Арунов ал аял менен сүйлөшкөндө аял чаржайыт сүйлөп, айткандары түшүнүксүз болгон. Ал өз жанын кыюуну чечкендигин түшүндүргөн. Кийин аялдын Чүй облусундагы Аламүдүн районунун тургуну экендиги жана психикалык каттоодо турары маалым болду. Учурда ал туугандарынын жанында", - деди Оморов.

Өз жанын кыюуга аракет кылган аялды сактап калган Бишкек ШИИББинин кызматкери Арунов учурда ИИМдин академиясында 3-курста окуйт.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
08.12.2017. 10:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+20
С.Арунов деп кылмышкерди жазгандай кылбай аты жөнүн толук эле жазса болмок.Сүрөтүн чыгарып,азыркы убакта анча мынча адам андай эрдикке барбайт!Өлөм деп жатса жардам бергендин ордуна телефонго видеого тарткан адамдар дагы жок эмес.
08.12.2017. 13:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Молодец
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: