super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Өкмөт электр энергиясын 700 киловаттан ашык колдонгон элге 2 сом 16 тыйындан, Өзбекстанга салыкты кошпогондо 1 сом 85 тыйындан сатууда

 

Өкмөт электр энергияны элге 700 киловатт саатка чейин 77 тыйындан, андан ашырып колдонгондорго 2 сом 16 тыйындан сатууда. Ал эми Өзбекстанга салыкты кошпогондо (ар бир киловатт саатын) 1 сом 85 тыйындан сатууда. Өкмөткө караштуу Отун-энергетикалык комплексти жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттиктин өкүлү Миргүл Айдарованын SUPER.KG'ге билдиргенине таянсак, азырынча электр энергияга болгон тариф ушул эле бойдон сакталат.

"Тоолуу райондордогу калк үчүн болгон тариф да мурдагы бойдон калат. Мисалы, бийик тоолуу райондордо жашагандар 1000 киловаттка чейин 77 тыйындан, андан ашкандан кийин 2 сом 16 тыйындан төлөөсү белгиленген. Ал эми өндүрүш ишканалары үчүн 2 сом 24 тыйындан, троллейбустар үчүн 1 сом 58 тыйын деп бекитилген", - деди Айдарова.

Айдарова 2017-жылы өкмөт Өзбекстанга 1 миллиард 289 миллион киловатт электр энергиясын экспорттоосу керек болсо, 9 айдын ичинде 1 миллиард 38 миллионун экспорттоого жетишкенин кошумчалады. "Калган үч айда 251 миллионун экспорттойбуз. Анын ар бир киловатт-сааты салыкты кошпогондо 1 сом 85 тыйындан, салыкты кошкондо 2 сом 27 тыйындан сатылууда", - деди ал.

Улуттук энергетикалык холдинг компаниясы буга чейин Кыргыз Республикасы 2017-жылдын декабрь айынан баштап 2018-жылдын март айына чейин Өзбекстанга келишимдин негизинде 550 миллион киловатт электр энергиясын экспорттой турганын кабарлашкан.

"Келишим түзүлгөн. Анын негизинде 4 ай аралыгында 550 миллион киловатт электр энергияны экспорттойбуз. 1 киловатт 2,4 центке бааланып, экспорттун жалпы баасы 13 миллион долларды түзөт. Бул кошумча киреше", - деп билдиришкен мекемеден.

Кошумчалай кетсек, ушул жылдын 1-октябрына карата "Токтогул" суу сактагычында суунун көлөмү 19,6 миллиард куб метрди түзгөн болсо, учурда 18,8 миллиард куб метрди түзүүдө.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(20)
08.12.2017. 16:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Азаматтар
08.12.2017. 16:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+18
50тыйын учун Бакиевди кетирдинер эле
08.12.2017. 16:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+14
Тишинерди сооруп жата бергиле эми,колдо бар алтындын баркы билинбейт дейт
08.12.2017. 16:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Өзбекстан бизге толька зыян үчүн ачылды ...
08.12.2017. 17:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Биздин бийлик ХХХХ
Модератор admin_superstan түзөттү 2017-12-08 17:05:35
08.12.2017. 17:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Ушул маселени кайра карап чыкса болмок экен карапайым калк байкуш 2.16 со толосо Озбекстанга арзан сатышса адилетсиздик болотго.
08.12.2017. 17:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+13
Неге өзүбүзгө кымбат сатылат электр энергия?Дагы бир маселе Өзбекстан Ошко өзбек тилдүү мектеп салат экен,эмне кереги бар ошонун.Өзбек тарап эмне десе корко бербегилечи бай болгурлар.Ошто Кыргыздарга жер тартыш болуп жатканда,Өзбектин мектеби кимге керек.Уяты жоктор десе.
08.12.2017. 17:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Тиги чал башы жайында эмес аша ошол арзан сатты бул эшектер элге арзан беришпейби гелесоолор эмнеге биз башка мамлекетке арзан озубуздо кымбат жанды чыгарып жатасынар айбан чалыштар
08.12.2017. 17:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Байкуш болдук кыргыз элим озубуздогу бар нерсе
08.12.2017. 17:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Э озубуздун элге 1.50 сатып аларга 3 сомдон сатпайсынарбы э башынарга к.... Эркекче бул бочкалардын Кыргыз элине кереги жок Сапар Исаков кулумуш болуп сайрабай ойлонсун
08.12.2017. 17:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Кыргызстанга пайдалуу нерсе кылабы озу жогору жактагылар, Озбектер эмнеге эле границаны ачты десе оз пайдасына ачкан экен да. Казакты болсо жаап кетти. Мага баары бир дегенсип, Кыргыз элинин баатыры болуп. Мен баатырлык наамга жете элекмин деп албай койсо ошондо баатыр болмок.
08.12.2017. 17:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
2,4 центтен 1 кВт болсо, биздин сомго которгондо (0.68*2.4=1.63сомдон) болуп калат экенго?! Эмне арзан?
08.12.2017. 18:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
tular, цент болуп жаткандан кийин, алдына ноль коюп кобойтпойсунбу, цент тыйын болуп жатпайбы
08.12.2017. 18:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
элге тегиз 1 сомдон сатып 700 кл ваты жоок эле бир сомдон сатса экпортко 2жарым сомдон сатса болбойбу кандай ушуга баштары иштебеген айбайдар ошондо деле жетмек бул жет жутарларга
08.12.2017. 18:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Куйуп кетесин да не болот биздин келечек кандай бийлике калдык Аллахым ынсап берсин башка эч нерсе айталбайм айткан мн жетпейт,ХХХХХХХ
Модератор admin_media түзөттү 2017-12-09 12:27:05
08.12.2017. 21:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Элди алдап импорт кылып сатып алып жатабыз деп электр энергиянын баасын которуп алышты эле. Ошондон бери кайра карап корушподу. Карапайм калк учун гана кыйын болуп жатат. Креслодогулар сатып жыргап отурат.
08.12.2017. 22:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Тигил жактан мынча миллион, бул жактан тигинче миллион пайда тушту дешет.Анан эле бюджетте акча жок дешет ко.
09.12.2017. 04:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Электр энергияга 1.5дон кылбай элибизге саткандай эле кылып кой,1 мектеп эмес бир канча мектеп садик курса болот. Сагалаган озбек эле калды озу, эми озбек барым иштеп келчубуз казак орустан депорт кылса. Мектеп курса озбек тилдуу курушат эч качан кыргыз тилине курбайт алар.!
11.12.2017. 10:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
kenjebek_a, провокация жараткан билдирүү жазуудан алыс болуңуз.
11.12.2017. 10:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
cfif03748, аймактык бөлүү же бөлүнүүчүлүк маанисиндеги билдирүүлөрдү калтырууга тыюу салынган. Эскертүү!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: