Дайыр Кенекеев: "Өлкөдө коррупциянын алдын алуу иш-чаралары эффективдүү ишке ашып жатат"
“Өлкөдө коррупциянын алдын алуу иш-чаралары эффективдүү ишке ашып жатат”, - деп бүгүн, 9-декабрда коррупциянын алдын алуу боюнча өткөн жыйында вице-премьер-министр Дайыр Кенекеев билдирди. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады.
“Кыргыз өлкөсүнүн саясий, экономикалык жана социалдык жашоо тармагында коррупция менен күрөшүү дээрлик бардык багыттар боюнча жүрүүдө. Кабыл алынган чаралар өлкөдөгү коррупциянын жайылуу темпин кыскартууга жардам берди. Ошондой эле көпчүлүк мамлекеттик органдарда коррупциялык тобокелчиликтер азайган. Мамлекеттик орган жетекчилери өздөрү жетектеген министрлик жана мекемелерде, аны алдын алуу боюнча жарандык коом өкүлдөрү жана активисттер менен туруктуу негизде таасирдүү механизмдерди иштеп чыгып жана жакшыртып туруусу зарыл”, - деди Дайыр Кенекеев.
Вице-премьер-министр коррупция менен күрөшүү өкмөттүн “Жаңы доорго - кырк кадам” программасында өзүнүн жүзүн тапты деп кошумчалады.
“Таза Коом” улуттук долбоордун ишке ашышы менен мамлекеттик кызмат көрсөтүү жана чиновниктер менен керектөөчүнүн түз байланышы жокко чыгарылат. Ал эми бүтүндөй мамлекеттик механизмдин иштөө негизин автоматизация жана мекеме аралык электрондук документ жүгүртүүсү түзүп калат”, - деди Кенекеев.
0

Супер-Инфо
super.kg видео

















о депутатов и проституток
В ресторане мужчина солидного вида подсаживается за столик к красивой девушке:
- Здравствуйте! Разрешите составить вам компанию?
- Да, пожалуйста...
- Разрешите представиться - меня зовут Нестор! Народный депутат, честный и порядочный человек...
- Очень приятно! Я - Марина, 35 лет, viр-путана... ещё девственница!