ЖЫЛНААМА, 13-ДЕКАБРЬ: Жогорку Кеңештин эркин депутаты Жанар Акаев 31 жашка чыкты
Мындан 31 жыл мурун, 1986-жылы 13-декабрда Ош облусунун Алай районуна караштуу Кабылан-Көл айылында Жогорку Кеңештин VI чакырылышынын депутаты Жанар Акаев жарык дүйнөгө келген. 2009-жылы Ош мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган. Алгач журналист болуп 2-курс кезинде ОшМУнун гезитинде иштеген, көп өтпөй окуу жайдын телеберүү бөлүмүнө өткөн.
2008-жылдан тарта "Азаттык" радиосунда кабарчы болуп иштеген.
2010-жылы Япониянын Токио шаарында өткөн Азия мамлекеттеринин журналисттери үчүн уюштурулган сынакта 2-орунду багындырган.
2011-жылы "Евразиянын алтын калеми" сыйлыгына татыктуу болуп, ал эми 2014-жылы Мелис Эшимканов атындагы коомдук фонддун "Курч калем" сыйлыгын алган.
2015-жылы 2-февралда Кыргыз Республикасынын президентинин басма сөз катчысы болуп дайындалган. Ошол эле жылы 27-августта Жанар Акаев парламенттик шайлоого катышуу үчүн кызматынан кетүүгө арыз жазган. Ал эми 4-октябрда өткөн парламенттик шайлоодо КСДПдан Жогорку Кеңештин VI чакырылышынын депутаты болуп шайланган.
2017-жылдын 24-мартында КСДП Жанар Акаевди фракциядан чыгарган.
Жанар Акаев: "Президенттин "сот системин реформаладык" дегенин укса соттор өздөрү күлөт"
"Төрөткө катышып, жубайымдын жанында болдум" дейт Жанар Акаев
Жанар Аaкаев: "Калың бербей үйлөндүм"
Жанар Акаев: "Апам саясий тополоӊдорду чагылдырбай эле койчу деп ыйлаган"
Маек - Жанар Акаев
3

Супер-Инфо
super.kg видео
















Мынча ар кырдуу жигит, жан дүйнөсүн баарын ачып аябай жакшы маек куруп бериптир.
Жубайындын аты айтып тургандай Жыргал деп, жашооң ЖЫРГАЛ болсун!
Жаман көздөн, жаман сөздөн коргогон үй-бүлөңдүн ЖАНАР ТООСУ бол!!!