super.kg logo

Бүгүн саат 15:00дө SUPER.KG'нин Түз эфиринде ырчы Омар конокто болот

 

Омар жубайы Диана мененБири-бирине удаалаш кош жакшылыктар жашоосунан орун алган ырчы мырза Омар SUPER.KG порталынын кезектеги коногу болот. Ал Казакстандын Алматы шаарында болуп өткөн "Silk Way Star" эл аралык ыр сынагына Кыргыздын атынан катышып 1-орунга ээ болуп, жалпы күйөрмандарына кубаныч тартуулады. Ал эми 2-декабрда ал Диана аттуу бийкечке баш кошуп, жакындары менен жакшылыгын белгилеген.

Омар 2008-жылы «Жаӊы толкун» эл аралык сынагында Алла Пугачёванын колунан «Алтын жылдыз» сыйлыгын алып, ырчы катары калыӊ элдин назарына түшкөн. 2011-жылы «Жылдын супер ырчы мырзасы» наамын алган.

Өзгөчө хитке айланган "Кош жүрөк", "Кыргызстаным", "Жан тумарым" аттуу ырлары анын күйөрмандарынын санынын өсүшүнө жана кыргыз шоу-бизнес чөйрөсүндө өз ордун табууга өбөлгө болду.

Омар эски ырларды жаңы өңүттө ырдап чыгуу жагынан да мыктылыгын "Энекем", "Булбулум", "Күлгүн жаш" жана башка ырларды аткарып далилдей алды.

Ал тынымсыз аракеттин үстүндө жүрүп, 2009-жылы англис тилин тереңдеп үйрөнүү максатында АКШга кеткен. Ал жактан кайткандан кийин кайрадан чыгармачылыкка кызуу киришкен.

Ырчы мырза 1988-жылы Бишкек шаарында төрөлгөн. Өзүнөн улуу бир эжеси бар. Анын улуу агасы кичинекей чагында чарчап калгандыктан чоң атасы Омар төрөлгөндө өмүрү узун болсун деген тилек менен Өмүрбек деген ысым ыйгарган. Ырчы катары Омар деп таанылганы менен үй-бүлөсү, жакындары аны азан чакырылып коюлган атынан аташат.

Омар апасы жана эжеси менен

2015-жылы 27-июль күнү Омар Талас шаарынан алдамчылыкка шектүү катары кармалган. Көп өтпөй ага карата козголгон кылмыш иши токтотулган. Ырчы мырза "Супер-Инфого" берген маегинде адамдарга жасаган жакшылыгы далысына бычак болуп сайылганын айткан. Ошондой эле ал бул жалаадан кийин турмуштан чоң сабак алгандыгын кошумчалаган.

Тынымсыз изденүүнүн үстүндө жүрүп, башкалардан өзгөчө ыр, клиптерди жаратып келген Омардын соңку жеңиши, үй-бүлөсү, кыргыз маданиятына болгон көз карашы, чыгармачылык жолу, келечек пландары тууралуу сиз кызыккан суроолор болсо мүмкүнчүлүктү колдон чыгарбаңыз.

Сиздин суроолор +996 557 75 63 63 WhatsApp номери аркылуу кабыл алынат. Ырчы мырза суроолорго бүгүн, 20-декабрда саат 15:00дөн баштап түз эфир учурунда жооп берет. Ошондой эле түз эфир жүрүп жатканда "Соңку кабар" аркылуу комментарий жазып дагы жооп алсаңыздар болот.


кошулду





20-декабрда SUPER.KG'нин түз эфиринде Омар

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Комментарийлер(24)
18.12.2017. 12:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Ушуларды эле кайталай эле берет экенсинер Анжелика Айгерим болуп эле Бактыгул бадиеваны чакыргылачы сураныч Омарды баары билет кече эле жаны санында чыктыго
18.12.2017. 13:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
bekub1473kg,Оада Бактыгулду чакыргыла деп тилим тешилди менинда
18.12.2017. 12:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Мен куткон ырчы. Жениш кут болсун омар байке. Акыркы жылдары ырчыларыбыз чет жакта КР желегени желбиретип келет. Сизге суроо: "silk way star" Сынакта канча акчалай сыйлык берилди?
18.12.2017. 15:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Артык Саитовдон да интервью алгылачыы..
18.12.2017. 15:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
bekub1473kg, jengoo, сунуштарыңыздарга рахмат. Тиешелүү бөлүмгө жеткирилди.
18.12.2017. 15:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
Эгер кийинки жумада Бактыгул эже келсе супер инфону сатып алып окуймун
Медиа-портал
18.12.2017. 17:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-8
Омар чынынды айтсан,чыныгы талантым менен жендим деп ойлойсунбу же казак боордоштор жардам берип коюштубу саясатташтырып? Анткени Грузиялык ырчы мырзага болеть этип жаттым эле да,Айкын да кучтуу болчу. Бирок Омар азамат, ушуну менен эки жолу ири Эл аралык мелдешти женип жатат.
18.12.2017. 17:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
Бактыгул деп суусагандарга ким кайсы душманы минус басып жатат???Бактыгулдун тырнагына тен келип алгыла...
18.12.2017. 18:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Мен ойлоп калдым админ жаман корот окшойт Бактыгул эжени мага абдан жагат
18.12.2017. 20:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Адим Айжан акылбековадан алгылачы
18.12.2017. 23:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Омар байке Азаматсыз жеңиш кут болсун!Куш боонуз да бек болсун!
Кармашкан колунуздар эч качан ажырабасын.Беш кол тен эмес ар бир адам өз оюн өзү каалагандай жазганга да укугу бар анча мынча адамдардын мааниси жок комментарий жана суроолоруна маани бербениз!Кудайым сизге эки дүйнө бактылуулукту берсин!Сизди сыйлаган инсандар көп экенин унутпаныз!Сизге суроо Омар байке 2017жылдын аягында сизди жакшы нерселер коштоду уйлондунуз жеңишке жеттиниз'' айтсаныз женебиз женишти куттуктап э
Asel1Aikol түзөттү 2017-12-18 23:28:39
18.12.2017. 23:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Женишти куттуктап женебиз эмне белек берди☺☺☺
19.12.2017. 01:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Omar baike sizdi kancha kuttum. Akyry kutturup keliptirsiz da.Siz myktysyz. Sizdi syilaim. Baktyluu bolunuz.
19.12.2017. 09:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
love.me.again, бирөөнүн дарегине карата далили жок маалыматтарды камтыган билдирүүлөрдү калтырууга тыюу салынат. Эскертүү!
19.12.2017. 11:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Саламатсызбы, Омар. Чектен ашып мамиле кылган күйөрман кыздарыңыздын кылыктарын эстеп айтып берсеңиз? Күйөрмандар менен ырчылардын ортосунда кызыктуу учурлар көп болсо керек. Экинчи суроом - кандай девиз менен жашайсыз?
20.12.2017. 10:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Менимче бауырдастар тарткан жок, калыстар оздору баа коюп атышты, мен ойлогом Малика женсе керек деп анын да тембри аябай кучтуу эле, баалары да жогору болчу, казак хит ырларын ырдоодо Малика ырдабай коюп артта калып кетти. Бирок , Омар татыктуу болду женишке уну да сонун.
20.12.2017. 10:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Саламатсызбы Жениш кут болсун.
Суроо
1...Жашоодо эмнени озгортмоксуз?
2..Ар бир адамдын жакын досу болот. Сиздин жакын досунуз?
3..Кайсы окуу жайды бутконсуз? Кесибиниз эмне? Ырчы болбогондо кайсы кесиптин эси болот элениз?
20.12.2017. 10:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жубайынызды көп издединиз,мырза үчүн үй-бүлөдө эн негизги нерсе эмгне деп ойлойсуз?Бактылуу болунуздар,эки дүйнө бирге болунүздар!
20.12.2017. 11:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Саламатсынбы Омурбек.Чыгармачылыгына ийгилик,уй булоно бакыт тилейм.Тээ бала чагындагы кайсыл учурларды жылмайуу менен коп эстейсин?
20.12.2017. 15:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ата энениз чогуу жашабайт деп укканбыз.атаныз менен мамилениз кандай.фасол окуясынан кийин динге кобуроок берилип кеткенинизди байкадык...
20.12.2017. 15:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Омар сага чыгармачылык ийгилик.
Жубайындын башка эркектер менен кол берип учурашуусуна кандай карайсын?
20.12.2017. 15:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Саламатсызбы? Бардык жакшылыктарыныз Кут болсун! Женебиздин кайсы тамагын суйуп жейсиз? Келбетиниздерде окшоштук бардай, мунозунуздор окшошобу?
20.12.2017. 15:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Салам Омар жениш кут болсун сизди ото сыйлабыз. 1. Биринчи болуп женишиниз мн ким куттуктады. 2. Сынакта сиздин 1- место алышынызды кайсы убакта сезип биле баштадыныз .3 Сиз жонундо жакшы создор коп айтылат бирок сизге сын айтып андай-тигиндей бол деп ким тузоп турат 4
20.12.2017. 15:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Super info jamaatyna salam. Omar kandaisyn , uilonupsun baktyluu bol. Sen kyrgyz eli syimyktanchu jigitterdensin, ozundu alyp jurushun, munozun . Kyrgyz jigitteri ulgu alsa bolot senden.Senden jany koptogon yrlardy kutobuz.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: