super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

ИИМ: "Ур-токмокко алынган этникалык кыргыздар тартылган видео 2016-жылы болгон окуя"

 

Интернетке тараган этникалык кыргыздардын балдарынын жергиликтүүлөр тарабынан токмокко алынышы боюнча окуя 2016-жылдын февраль айында болгон. Мындай маалыматты Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынын өкүлү Эрнис Осмонбаев SUPER.KG'ге билдирди.

"Окуя мындан 2 жыл мурун, тактап айтканда, 2016-жылдын февраль айларында болгон. Чүй облусуна караштуу Панфилов районунун тургуну, этникалык кыргыз делген балдардын атасы бул иш боюнча ошол жылы эле укук коргоо органдарына арыз жазган. Видеодогу балдардын токмогунда калган 2 бала арыз берүүчүнүн баласы жана жээни болгон. Бул боюнча укук коргоо органдары иш алып барып, арыздын негизинде тиешелүү чараларды көрүшкөн. Бирок ошол жылдын апрель айында арыз берүүчү өз арызын алып, ич ара кечиришип алганын айтып, ишти жаап коюуну сураган. Бул иштин үстүнөн көзөмөлгө алуу үчүн ИИМдин Коомдук коопсуздук башкармалыгынын кызматкерлерине тапшырма берилген", - деп билдирди Осмонбаев.

Ошондой эле бул маселе жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу структурасынын деңгээлинде чечилгенин кошумчалады ал.

Эскерте кетсек, бул видео интернет айдыңына тарагандан кийин коомчулукта кызуу талкуу жараткан. Токмокко алынып жаткан балдар 1999-жылкы балдар болгон. Эрнис Осмонбаев кошумчалагандай, окуя болгон күнү балдар футбол ойношуп, ошол жерден чырдаша кетишкен. Натыйжада интернетке тараган мушташ орун алган. Учурунда бул балдар мектеп окуучулары болушкан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(8)
26.12.2017. 15:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Февраль)))))
Жаздай болуп турат го артында.
26.12.2017. 16:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Видеосун кайдан корсо болот
26.12.2017. 19:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
kabylan.dili,инстаграм
26.12.2017. 16:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Февралда фудболкачан жүрүшөбү элдер? Зима не будетпи же...)))
26.12.2017. 16:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Ойлодум эле, ошол Телебайларга чара корулбоду деп...

Ойлогондой эле чара корушпоптур милиция!!! Мындай милиция, сотторду баккыча таратып жиберген жакшы, жоюп салуу керек!!!!!!
26.12.2017. 19:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Кычыраган кышта февраль айында жеңил кийинип жүргөнү жакшы экен
26.12.2017. 20:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
эки жыл мурун жаз эрте келген 23чу февральда Таш комурдо орук гулдогон эсинерде болсо а Бишкекте 8 мартта гулдоп калган орук
28.12.2017. 03:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мммда. Панфиловкада мындай окуя бат баттан кайталанып турат. Этникалык кыргыздарды тажиксинер деп болоберишет мектеп окуучулар арасында
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: