super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Сапар Исаков Жалал-Абад облусунун студенттери менен жолукту

 

Бүгүн, 26-декабрда премьер-министр Сапар Исаков Жалал-Абад облусуна болгон иш сапарынын алкагында Жалал-Абад мамлекеттик университетине барды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, өкмөт башчы окуу аудиторияларды кыдырып көрүп, жогорку окуу жайдын факультеттеринин илимий жана ойлоп табуучу ишмердүүлүгү менен таанышты.

Университеттин ректору Кеңеш Үсөнов жогорку окуу жайды өнүктүрүү боюнча келечек чаралар тууралуу маалымат берди. Анын айтымында, бүгүнкү күндө университетте ар кыл багыттар боюнча базалык жана толук жогорку билимдүү көп тармактуу адистерди даярдоо жүрүүдө.

Андан соң Сапар Исаков Жалал-Абад мамлекеттик университетинин студенттери менен жолугушуу өткөрдү.

Студенттердин суроосуна жооп берүүдө Сапар Исаков белгилегендей, бүгүнкү күндө өкмөт тарабынан “Таза коом” улуттук долбоорун ишке ашыруу активдүү жүрүүдө. Анын айтымында, бул республикалык бюджеттин киреше бөлүгүн жогорулатууга жана өлкөнүн социалдык тармагын каржылоо көлөмүн арттырууга мүмкүндүк берет. Ошондой эле премьер-министр “Таза суу” долбоорун ишке ашыруу менен катар ирригациялык долбоорлор жана 2019-жылга карай өкмөттүн ишин толук санариптештирүү боюнча пландар тууралуу айтып берди.

Мындан тышкары, Сапар Исаков белгилегендей, “Жаңы доорго кырк кадам” өкмөттүк программасында өлкө аймактарын тегиз өнүктүрүү үчүн биринчи кезектеги чаралар аныкталган.

“Биз өлкөнүн бардык тармактарында санариптештирүүнү киргизүүбүз зарыл. Мындан тышкары биз республиканын таяныч шаарларын өнүктүрөбүз жана шаардык инфраструктураны жакшыртуу үстүндө ишибизди улантабыз. Алардын катарына Жалал-Абад шаары да кирет”, - деди Сапар Исаков.

Буга катар өкмөт башчы жаш, кесипкөй кадрларды даярдоо жана аларды өлкө аймактарынын медициналык мекемелерине тартуу зарылдыгын белгиледи.

Жолугушуунун соңунда тийиштүү мамлекеттик органдарга айтылган маселелер боюнча тапшырмалар берилди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
26.12.2017. 16:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Отто жонокой киши экен берилген суроолорго дак даана жооп берип жатты ошонусу менен тан калтырды. Ишинизге ийгилик
26.12.2017. 17:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Азаматсыз жолунуз ачык болуп Аллах колдосун сизди. Бардык окуу жайларды кыдырсаныз жакшы болот. Ишинизге ийгилик.
26.12.2017. 17:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Президент, премьер-министр тез тез келип турушса Жалалабатка жолдор шыпырылып тешиктер жамалып машиналар жол четине токтотулбай калат экен.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: