Кыргыз-Өзбек жана Кыргыз-Тажик чек араларынан мыйзамсыз кесип өткөн адамдар кармалышты
29-декабрда Орусиянын жана Кыргыз өлкөсүнүн жарандарын мамлекеттик чек аранын тартибин бузуп өткөндүктөрү үчүн кармалышты. Мындай маалыматты Кыргыз Республикасынын чек ара кызматынын коомчулук менен байланыш бөлүмүнөн билдиришти."Кыргыз-Тажик чек арасында жайгашкан "Шарттуу" участогунан нөөмөттөгү кызматкерлер өткөрүү пункту аркылуу эмес, башка тараптан унаа менен кесип өтүп бара жаткан Орусиянын жаранын кармашты.
Ал эми Ала-Бука чек ара отрядынын кызматкерлери Кыргыз-Өзбек чек арасында жайгашкан Калпак аймагынан ээси жок оттоп жүргөн 12 жылкыны чыгарышкан. Ушул эле күнү кызматкерлер Ала-Бука районунан Кыргыз өлкөсүнүн 2 жаранын кармашкан. Алар чек араны кесип өтүп 500 баш малын жайып жүргөндө кармалып, түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн. Административдик жоопкерчилик боюнча 389-беренеге ылайык, өлкөнүн жарандары тийиштүү айыптарды төлөштү. Ал эми Орусиянын жараны УКМКнын аймактык башкармалыгынын кызматкерлерине өткөрүлүп берилди", - деп жазылат маалыматта.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:08
2025-11-23
16:50
2025-11-23
16:19
2025-11-23
12:30
2025-11-23
11:10
2025-11-23
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(2)
Kattaldym
30.12.2017. 17:42
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
389-
Azatbek83
30.12.2017. 18:39
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Орусянын жараны озубуздукубубу атын жазсанар болмок бизге да Орус жараныг алгандар копко
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео















