Тосулган Ош-Бишкек жолунда 3 күн бою 641, 9 тонна мөмө-жемиш кармалып турган
Жалал-Абаддагы митингчилердин аракети менен тосулган Ош-Бишкек жолунда 641, 9 тонна мөмө-жемиш 3 күн бою кармалып турду. Бул тууралуу Сузак районунун акими Нурболот Мирзахмадов айтканын аймактык кабарчыбыз билдирди. Белгилей кетсек, жүздөгөн оор жүк ташуучу унаалар 3 күн бою тосулган жолдон өтө албай токтоп турушкан. Андагы чыгымдарды эсептөө үчүн Жалал-Абад шаарындагы мамлекеттик мекеме, ишканалардын өкүлдөрүнөн атайын комиссия түзүлүп иш жүргүздү. Учурда келтирилген чыгым такталып жатат.
Автор: Автандил Добулбеков
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
22:54
2025-11-18
22:40
2025-11-18
15:55
2025-11-18
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео

















