super.kg logo

Фотограф Ысык-Көлдү байырлаган фламингонун сүрөттөрүн жарыялады

 
Кызыл канат кеңири жайылган, көп терең эмес, жакшы жылыган туздуу көлдөрдө уялайт.
Кызыл канат аталган экзотикалык канаттуунун салмагы 2-4 килограммга чейин жетет. Боюнун узундугу 125-145, канатын жайганда 140-160 сантиметр болот.
Аталган канаттуулар кээ бир учурда уя салышпайт, жумурткаларын түз эле кумга ташташат. Уясында 1-3 жумуртка эле болот. Эркеги жана ургаачысы 1 айга жакын алмак-салмак жумуртка басып чыгарат.
Фламинго курт-кумурска, чымындардын личинкалары, суу өсүмдүктөрүнүн уруктары менен азыктанат.
Жер жүзүндө фламингонун 6 түрү кездешет. Алардын ичинен фламингонун кызгылт түрү эӊ көлөмдүү жана кеңири таралган. Алар орто эсеп менен 30 жыл жашайт.

Фотосүрөтчү Иван Турковский Ысык-Көлдүн жээгин байырлаган кызыл канат канаттууларынын (фламинго) сүрөттөрүн социалдык тармактагы баракчасына жарыялады. Анын билдирүүсүндө, сүрөттөр өткөн жылдын декабрь айында тартылып алынган.

"Ооба, бир караганда таң калычтуу деле эмес, бирок бул экзотикалык канаттуу жер которуу мезгилде биздин өлкөдөн көрүүгө болот. Мен аны Ысык-Көлдүн жээгинен кездештирдим. Тилекке каршы, алардын так жайгашкан жерин айта албайм. Себеби канаттууну көргүсү келгендер ага зыян келтирип коюшу мүмкүн. Биз анын табигый баалуулугун сактап, керемет өлкөдө жашап жатканыбызды эстеп, аяр мамиле жасайлы", - деп жазган.

Маалыматтар боюнча фламинго Түштүк Европада, Африкада, Түштүк Азияда жана Бирманын чыгыш тарабында байырлашат. Кыргыз жергесине фламинго кокусунан учуп келген канаттуу. Аталган фламинго көбүнчө Нарын облусу менен Ысык-Көлдүн жээгинде кездешет деп айтылат.

Алгач, фламинго 1933-жылы февраль айында Ысык-Көлгө учуп келгени белгилүү болуп, 1954-жылы күз айларында Ысык-Көлдүн түштүк-батыш жээгинен 4 фламингонун жүргөнү такталган. 1998-1999-жылдары кышында Балыкчы шаарынын аймагында 12 канаттуу, 2002-2003-жылдары бир фламинго бар экени маалым болгон.






Жер жүзүндө фламингонун 6 түрү кездешет

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 6 
Комментарийлер(5)
05.01.2018. 16:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-8
Суперчилер жалал абадда жер титиреди тактап бергилечи канча балл болгонун
05.01.2018. 17:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Керемет кооз колубузго Корк кошуптур
06.01.2018. 00:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Абдан кооз экен
06.01.2018. 02:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Жакшы кабар кобое берсин кооз канаттуу экен
Медиа-портал
18.03.2019. 15:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Эми эмдиги жыл кышында Кудай сактасын да. биздикилер мылтыктарын которуп алып барышпаса эле.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: