АКШда сууктан 16 адам каза болду
АКШда аба ырайынын температурасы кескин төмөндөп, өтүп бара жаткан апта аралыгында 16 адамдын өмүрүн алды. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазууда.Маалыматта жазылгандай, Висконсин штатында 6 адам, төртөө Техаста, үч жаран Түндүк Каролинада каза болгон. Мындан тышкары Мичиганда, Миссури жана Түндүк Дакотада да суук аба ырайынан бирден адам көз жумган. Калың кар, бороондуу шамал жана үшүк жүрүп бир топ шаарларда жашоо кыйындаган. Бороондон улам 3100 аба каттамы токтотулуп, жүздөгөн мектептер убактылуу жабылган.
5-январда Улуттук метеорологиялык кызмат билдиргендей, аяздуу аба ырайы жуманын соңуна чейин сакталат. Нью-Гэмпшир штатында абанын температурасы -40 градуска жетсе, Нью-Йоркто -28 градуска чейин төмөндөгөн.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:08
2025-11-23
16:50
2025-11-23
16:19
2025-11-23
12:30
2025-11-23
11:10
2025-11-23
Рейтинг:
1
1

Супер-Инфо
super.kg видео
















Тообооо кудай сакта